# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябры № 460 "Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (КМШнын ТЭИ ТН), КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин жалпы товардык номенклатурасын (ЕврАзЭСтин ТЭИ ТН) колдонууга киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябры № 460 "Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (КМШнын ТЭИ ТН), КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин жалпы товардык номенклатурасын (ЕврАзЭСтин ТЭИ ТН) колдонууга киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 460
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12383/edition/327780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябры № 460 "Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (КМШнын ТЭИ ТН), КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин жалпы товардык номенклатурасын (ЕврАзЭСтин ТЭИ ТН) колдонууга киргизүү жөнүндө" Токтому (10.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58620

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 10-октябры № 460

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш

келтирилген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз

карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы

экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын

(КМШнын ТЭИ ТН), КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия

экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык иш-

аракетинин жалпы товардык номенклатурасын (ЕврАзЭСтин

ТЭИ ТН) колдонууга киргизүү жөнүндө

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин

бажы кызматтарынын жетекчилеринин кењешинин Товарлардын сүрөттөлүшүнүн

жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын не-

гизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономика-

лык ишмердигинин товардык номенклатурасын бекиткен 2006-жылдын 7-июнун-

дагы N 4/43 чечимине ылайык, тышкы экономикалык ишмердиктин бажылык-та-

рифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын бир түргө келтирүү,

Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2008-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү тиркелгендер колдонууга

киргизилсин:

- Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирил-

ген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер-

дин Шериктештигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин товардык номенкла-

турасы (КМШнын ТЭИ ТН);

- КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигинин

тышкы экономикалык ишмердигинин жалпы товардык номенклатурасы (ЕврАзЭС-

тин ТЭИ ТН).

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

трлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Кыргыз

Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Товардык номенклатурада көрсө-

түлгөн түрлөрдү алар колдонууга киргизилген күндөн тартып жетекчиликке

алышсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
