Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (КМШнын ТЭИ ТН), КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин жалпы товардык номенклатурасын (ЕврАзЭСтин ТЭИ ТН) колдонууга киргизүү жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 10-октябры № 460
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш
келтирилген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз
карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы
экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын
(КМШнын ТЭИ ТН), КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия
экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык иш-
аракетинин жалпы товардык номенклатурасын (ЕврАзЭСтин
ТЭИ ТН) колдонууга киргизүү жөнүндө
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин
бажы кызматтарынын жетекчилеринин кењешинин Товарлардын сүрөттөлүшүнүн
жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын не-
гизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономика-
лык ишмердигинин товардык номенклатурасын бекиткен 2006-жылдын 7-июнун-
дагы N 4/43 чечимине ылайык, тышкы экономикалык ишмердиктин бажылык-та-
рифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын бир түргө келтирүү,
Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2008-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү тиркелгендер колдонууга
киргизилсин:
- Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирил-
ген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер-
дин Шериктештигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин товардык номенкла-
турасы (КМШнын ТЭИ ТН);
- КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигинин
тышкы экономикалык ишмердигинин жалпы товардык номенклатурасы (ЕврАзЭС-
тин ТЭИ ТН).
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Кыргыз
Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Товардык номенклатурада көрсө-
түлгөн түрлөрдү алар колдонууга киргизилген күндөн тартып жетекчиликке
алышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 477 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Администрациялык…Постановление · 05.09.2013 · № 477 · Күчүн жоготкон