# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы №448 "Аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы №448 "Аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12373/edition/327769/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы №448 "Аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" Токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58608

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 5-октябры № 448

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Аштык буудайды Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик резервине коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясына жана "Мамле-

кеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

ылайык, азык-түлүктүк коопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттик резервде-

ги аштык буудайды номенклатурадагы нормативге жеткирүү боюнча милдет-

терди аткаруу максатында, убактылуу чара катары Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-

дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республикага алып ке-

лүүчү жана мамлекеттик резервге коюуга арналган 50 мињ тонна аштык буу-

дайга КНСтин нөлдүк ставкасы белгиленсин.

2. Мамлекеттик резервге коюу үчүн алынып келчү аштык буудайдын са-

паты ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана берүүдөгү талаптар" боюнча

үчүнчү класстан кем эмес болушу керектиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык

резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик матери-

алдык резервдер фонду алып келүүчү 50 мињ тонна аштык буудайды ушул

токтомдун 1-пунктуна ылайык, бажылык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу менен

бажылык тариздесин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине мамлекеттик резервге

коюлчу аштык буудайга КНСтин ставкасы убактылуу өзгөртүлгөнү жөнүндө

маалымдалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-

дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аштык буудайдын жогору-

да көрсөтүлгөн көлөмүн сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырсын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аштык буудайдын жо-

горуда көрсөтүлгөн көлөмүн сатып алуу үчүн 2007-жылдын бюджетинин че-

гинде каражат таап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-

кеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик

агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна бөлүп

берсин жана "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча

сунуштарды даярдоодо аны эске алсын.

7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги алынып келчү аштык буудайга карантиндик кароону жана

сапатына контролду тийиштүү экспертиза жүргүзүү боюнча көрсөтүлгөн кыз-

маттары үчүн акы албастан белгиленген тартипте камсыздасын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
