Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары жөнүндө ЖОБО» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы
№ 363 токтому менен
бекитилген
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген
саламаттык сактоо уюмдарынын атайын
каражаттары жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги прин-
циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына, "Кыр-
гыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 59-статьясына ылайык саламаттык сактоо уюм-
дары жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү медициналык эмес,
ошондой эле Мамлекеттик гарантиялар программасына кирбеген медициналык
кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүшү мүмкүн.
1.2. Бул Жобо Мамгарантиялар программасына кирбеген жана саламат-
тык сактоо уюмдары акы төлөнүүчү негизде көрсөтүшкөн медициналык эмес
жана медициналык кызматтын айрым түрлөрүнүн тизмесин аныктайт.
1.3. Мамгарантиялар программасына кирбеген медициналык эмес жана
медициналык кызматтын айрым түрлөрүнө Прейскурантын саламаттык сактоо
уюмдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик же анын
ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашып иштеп чыгат жана бекитет.
1.4. Атайын каражаттар саламаттык сактоо уюмдарынын каржылоо бу-
лактарынын бири болуп саналат, алардын консолидацияланган бюджетинин
курамына кирет, материалдык-техникалык базасын чыњдоого жана күнүнкү
кармоого жумшалат.
1.5. Атайын каражаттар жана анын эсебинен саламаттык сактоо уюмда-
ры жүргүзгөн сарптоолор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлөт.
II. Атайын каражаттардын түзүлүшү
2.1. Саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары юридикалык
жана жеке жактар тейлөөнүн төмөнкү түрлөрүн төлөөнүн эсебинен түзүлөт:
- жумушка, орто же жогорку кесиптик окуу жайларга окууга киргенде,
ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн алганда жарандардын ден соолугун меди-
циналык күбөлөндүрүү;
ҮМБда амбулаториялык дењгээлде вакуумаспирация (эрте мөөнөттөгү
кош бойлуулукту жасалма ыкма менен түшүрүү);
- декретке чыккан жарандардын ден соолугун пландуу медициналык кү-
бөлөндүрүү (бюджеттик мектепке чейинки балдар мекемелеринин, орто билим
берүү уюмдарынын кызматкерлерин кошпогондо);
- жашырын текшерүү жана дарылоо;
- стоматологиялык тейлөө (ортопедиялык, ортодонттук, хирургиялык
жана терапиялык);
- сервистик медициналык эмес кызмат (пациенттин комфорттуу шартта
тейлениши, бейтаптарды жеке медициналык жана тиричилик жактан тейлөө,
заказ боюнча тамактануу ж.б.);
- илимий-өндүрүштүк иш-аракет (балдар азыгын өндүрүү, биостимуля-
торлор, биокошумчалар, вакциналар, сывороткалар, кандын компоненттери-
нен жасалган препараттар, өсүмдүк, минерал жана малдан жасалган дары
препараттары, азыктандыруучу чөйрөлөр, медицинага таандык буюмдар, айыл
чарба жана башка продукция өндүрүү) тиешелүү документтер бар болгондо;
- косметология кызматы;
- соттук-медициналык жана маркумдарды тейлөө;
- тез жардам бригадалары массалык-маданият иш-чараларын тейлегени;
- жарандардын чакыруусу боюнча ритуалдык кызматтарды жүргүзүүнү
көрсөтүү үчүн медициналык тейлөө;
- келишимдин негизинде саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн кон-
сультациялык, маалыматтык-билим берүү жана башка кызматтар.
2.2. Атайын каражаттарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине
мүчө-мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасынын аймагында турук-
туу жашаган жарандарды кошпогондо, ошондой эле бир жерде турууга укук
бере турган документи жана ММК Полиси бар адамдарга медициналык кызмат
көрсөткөндүгү үчүн түшкөн каражаттар кирет. Саламаттык сактоо уюмдары-
нын медициналык кызмат көрсөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Сала-
маттык сактоо министрлиги эл аралык келишимдерге жана макулдашмаларга
ылайык аныктайт. Көрсөтүлгөн медициналык кызматка төлөө саламаттык сак-
тоо уюмдарынын фактылык кеткен чыгашалары боюнча жүргүзүлөт.
2.3. Атайын каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылай-
ык саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматка чет өлкөлүк
жарандардан, ММК Полистери бар жарандарды кошпогондо, түшкөн каражаттар
кирет.
2.4. Атайын каражаттарга юридикалык же жеке жактардан демөөрчүлүк
жардам катары, белгилүү долбоорлорду аткарууга гранттардан, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар ки-
рет.
III. Атайын каражаттарды колдонуу, эсепке алуу жана отчеттук тар-
тиби
3.1. Атайын каражаттарды сарптоо саламаттык сактоо уюмдары үчүн
белгиленген тартипте бекитилген бөлүштүрүү пландын негизинде жүргүзү-
лөт.
3.2. Атайын каражаттарды эсепке алуу жана отчеттук Кыргыз Респуб-
ликасынын Финансы министрлигинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
3.3. Атайын каражаттарды эсепке алуу боюнча Казыналыкта эсепти
тейлөө боюнча чыгашалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген
тартипте жана өлчөмдө саламаттык сактоо уюмдарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3.4. Отчеттук жылдын аягында атайын каражаттардын калдыгы, атайын
каражаттардын бекитилген сметаларынан тышкары түшкөн суммаларды кошпо-
гондо, мамлекеттик бюджеттин кирешесине алынбайт жана саламаттык сактоо
уюмунун карамагында калат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.08.2007 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар ПРОГРАММАСЫ" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын…Программа · 24.08.2007 · № 363
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон