# "Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү медициналык кызмат үчүн кошумча төлөө жөнүндө ЖОБО" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 токтому менен бекитилген

- Толук аталышы: "Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү медициналык кызмат үчүн кошумча төлөө жөнүндө ЖОБО" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 токтому менен бекитилген
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2399/edition/327764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү медициналык кызмат үчүн кошумча төлөө жөнүндө ЖОБО" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 токтому менен бекитилген (24.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58604

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-августундагы

№ 363 токтому менен

бекитилген

Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген

саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү

медициналык кызмат үчүн кошумча төлөө жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын-

да көрсөтүлүүчү медициналык кызмат үчүн кошумча төлөө жөнүндө бул жобо

(мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана саламаттык

сактоо уюмдарынын Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медицина-

лык кызмат көрсөтүүдө укуктарын жөнгө салат, ошондой эле кошумча төлөө-

нү берүү тартибин, аны саламаттык сактоо уюмдары пайдаланышын жана па-

циенттерге кайтарылышын аныктайт.

1.1. Кошумча төлөө - Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген сала-

маттык сактоо уюмдары Мамлекеттик гарантиялардын программасын каржылоо

көлөмүнөн ашыкча көрсөткөн медициналык кызматтын наркын төлөп берүүгө

ошол кызмат алган жарандардын катышуусу.

Кошумча төлөө тартибинде саламаттык сактоо уюмдарына түшкөн кара-

жаттарга салык салынбайт жана ал мамлекеттик бюджетке алынбайт.

Кошумча төлөө төмөнкүлөргө алынат:

- амбулаториялык дењгээлде - Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда

(мындан ары - ҮМБ), Жалпы дарыгердик практика борборлорунда (мындан ары

ЖДПБ) кењири профилдеги стационарлардын амбулатория-диагностикалык бө-

лүмдөрүндө (мындан ары - АДБ), үчүнчү дењгээлдеги стационарлардын кон-

сультация-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - КДБ) жүргүзүлгөн

лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр (Мамлекеттик гарантиялар

программасы боюнча акысыз жүргүзүлүүчү лабораториялык жана диагностика-

лык текшерүүлөрдү кошпогондо).

- стационардык дењгээлде - тамактануу жана дарылоо процессине бай-

ланыштуу бардык иш-чараларга.

1.2. Кошумча төлөө дењгээли региондор боюнча жењилдиктерге укуктун

жана жолдомонун болушуна жараша өзгөрүп турат.

1.3. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык-сани-

тардык жардамды акысыз жана жењилдетилген шартта алууга укуктары бар

жарандардын категорияларынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл

сайын бекитет.

II. ҮМБда, АДБ/КДБда жана ЖДПБнын амбулаториялык бөлүмдөрүндө ко-

шумча төлөм

2.1. ҮМБ, АДБ, КДБ жана ЖДПБнын амбулаториялык бөлүмдөрүндө жүргү-

зүлгөн лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө кошумча төлем

Медициналык кызматка прейскуранты боюнча (мындан ары - Прейскуранты)

берилет. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген бардык саламаттык сак-

тоо уюмдары үчүн Прейскурантын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы

саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен макул-

дашып иштеп чыгат бекитет.

2.2. Жењилдиктерге укуктары бар Кыргыз Республикасынын жарандары

тиешелүү адистерден жолдомосу болгондо ҮМБда, АДБда, КДБда, ЖПДБда кли-

никалык протоколдорго ылайык, кымбат баалуу текшерүүлөрдү кошпогондо,

жүргүзүлгөн жана дарылоо иш-чаралары үчүн кошумча төлөөдөн бошотулат.

2.3. Айрым жењилдиктерге укуктары бар Кыргыз Республикасынын жа-

рандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгондо, Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен базалык текшерүүлөрдү кошпогон-

до, Прейскурантка ылайык текшерүү наркынын лабораториялык, диагностика-

лык текшерүү 50 процент өлчөмүндө кошумча төлөшөт.

2.4. Жењилдиктерге укуктары жок, ошондой эле тиешелүү адистерден

лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө жолдомосу жок Кыргыз

Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-

нистрлиги бекиткен базалык текшерүүлөрдү кошпогондо, Прейскурантына

ылайык кошумча төлөшөт.

2.5. Кыргыз Республикасынын жарандары, майыптарды жана Улуу

Ата-мекендик согуштун катышуучуларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган кымбат баалуу лабораториялык

жана диагностикалык изилдөөлөргө жана манипуляцияларга баалардын Прейс-

курантына ылайык кошумча төлөшөт.

III. Стационарларда жана ЖПДБнын стационардык бөлүмдөрүндө кошумча

төлөө

3.1. Стационарга жана ЖПДБнын стационардык бөлүмдөрүнө жаткырганда

кошумча төлөө дењгээли тиешелүү адистен жолдомо болушуна ылайык жана

оорулар профилине, медициналык кызмат алууда жарандардын жењилдиктерге

укуктары болушуна ылайык бөлүнөт. Кошумча төлөө өлчөмү жыл сайын рес-

публикалык бюджет бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бе-

китет.

3.2. Мамгарантиялар программасы боюнча акысыз медициналык кызмат

алууга укуктар бар Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистерден

жолдомосу болгондо кошумча төлөөдөн бошотулат.

3.3. Мамгарантиялар программасы боюнча медициналык кызмат алууда

жарым-жартылай укуктар бар Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү

адистерден жолдомосу болгондо кошумча төлөөнү Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү бекиткен өлчөмдө төлөшөт.

Ооруканага тез жардам аркылуу жаткырганда

3.4. Стационарга жана ЖПДБнын стационардык бөлүмдөрүнө тез жардам

менен түшкөн бардык бейтаптарга стационардык тез жардам өмүрүнө корку-

нуч туудурган акыбалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.

3.5. Тез жардам, анын ичинде оперативдүү кийлигишүү, көрсөтүлүп

дем алуу жана гемодинамика көрсөткүчтөрү ордуна келгенден кийин пациен-

ттер тиешелүү адистерден жолдомосу бар адам катары бекитилген кошумча

төлөм өлчөмдөрүнө ылайык кошумча төлөшөт.

Ооруканага пландуу түрдө жаткырганда

3.6. Тиешелүү адистерден ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомо бол-

гон учурда кошумча төлөө өлчөмү Мамгарантиялар программасында каралган

жарандардын жењилдиктерге болгон укуктарына ылайык аныкталат.

3.7. Стационарлардын хирургиялык бөлүмдөрүнө операция жүргүзбөй

жаткырганда кошумча төлөө өлчөмү терапиялык профилдеги кошумча төлөө

өлчөмүнө тењештирилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тиз-

меге ылайык аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык операцияларды

жана манипуляцияларды жүргүзүү менен ооруканага жаткырганда кошумча тө-

лөө өлчөмү терапиялык профилге тењештирилет.

3.8. Керектүү консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык

текшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн (Кыргыз Республикасынын Саламаттык

сактоо министрлиги бекиткен кымбат баалуу лабораториялык жана диагнос-

тикалык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) пациенттерден ко-

шумча төлөө алууга жол берилбейт.

3.9. Стационарда же ЖПДБда тийиштүү адистер, лабораториялык жана

диагностикалык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн (Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен кымбат баалуу лабораториялык жа-

на диагностикалык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) жүргү-

зүү үчүн шарттар жок болгон учурда алар саламаттык сактоонун башка уюм-

дарында жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда үстөк акы же кошумча төлөө

пациенттен алынбайт. Жолдомо берген саламаттык сактоо уюму төлөп берет,

бул чыгашалар "Медикаменттерди сатып алууга чыгашалар" статьясы боюнча

кошумча төлөө каражаттары катары эсепке алынат.

3.10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекит-

кен кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү өт-

көрүү зарылчылыгы болгондо ооруканада жатып дарыланган пациенттер, Улуу

Ата Мекендик согуштун майыптарын жана катышуучуларын кошпогондо, беки-

тилген Прейскурантка ылайык текшерүүлөр үчүн өздөрү төлөшөт, же Жогорку

технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык жардамдын түрлөрү фондунан

төлөнөт.

3.11. Эгерде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

бекиткен дарылануунун орточо наркынан ооруканада бейтаптын дары-дарме-

гине кеткен чыгымдар үч эсе ашып кетсе, саламаттык сактоо уюмунун дары-

лоо-контролдук комиссиясы пациент мындан аркы дарылануусу үчүн жењил-

диктерге укуктары болушуна карабастан дары-дармекке кошумча чыгашаны

төлөп берүүсү тууралуу чечим кабыл алат.

3.12. Кыргыз Республикасынын жарандары социалдык паспорттордун не-

гизинде аз камсыз болгондордун категорияларына таандык деген социалдык

коргоо органдары же айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери тарабынан бе-

рилген аныктаманын негизинде саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контрол-

дук комиссиясынын чечими боюнча кошумча төлөөдөн бошотулушу мүмкүн. Өз-

гөчө учурларда аз камсыз болгондугу тууралуу аныктаманы эмне себептен

көрсөтүү мүмкүндүгү жок болгондугун белгилеп, жеке арыз жазганда сала-

маттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясы пациенттерди кошум-

ча төлөөдөн бошотушу мүмкүн. Кошумча төлөөдөн бошотулган жарандарга ме-

дициналык кызмат көрсөтүү саламаттык сактоо уюмунун консолидацияланган

бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.

IV. Кошумча төлөө жана аны кайтарып берүү тартиби

4.1. Кошумча төлөөгө негиз болуп ушул Жобонун II-бөлүгүнө ылайык

тиешелүү адистери, же оорукананын кабыл алуу бөлүмүнүн, ЖПДБнын стацио-

нардык бөлүмүнүн дарыгери берген кошумча төлөө талону болуп саналат.

Медициналык кызматты акысыз алуу жењилдикке укуктары бар пациент-

тер үчүн кошумча төлөө талону толтурулбайт.

4.2. Кошумча төлөөнү пациенттер саламаттык сактоо уюмунун кассасы-

на тапшырат. Пациентке ал тапшырган кошумча төлөөнүн суммасын көрсөтүү

менен кассалык чек берилет.

4.3. Пациент кошумча төлөөнү тапшыргандан кийин өзүнүн жењилдик-

терге укуктары болгондугун аныктаса, ошондой эле Мамгарантиялар прог-

раммасынын алкагында медициналык-санитардык жардам алганда пациенттер-

дин укуктарын бузуу фактылары аныкталганда кошумча төлөгөнү пациенттер-

ге кайра кайтарылып берилет.

4.4. Ооруканада жатып дарыланган пациентти башка ооруканага кото-

руу зарылчылыгы болгондо, же пациент каза тапкан учурда тапшырылган ко-

шумча төлөө төмөнкү өлчөмдө кайтарылып берилет:

- пациент ооруканада бир суткага жетпей жаткан болсо - 100 процен-

ти;

- пациент ооруканада үч суткага жетпей жатып, диагнозун аныктоо

үчүн байкоодо жүргөн болсо - 50 проценти;

V. Кошумча төлөө каражаттарын колдонууну эсепке алуу, контролдоо

жана анын отчету

5.1. Кошумча төлөө каражаттары дарылоо-диагностикалык процессти жа-

на пациенттердин тамактануусун камсыз кылууга байланыштуу иш-чараларга

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган тартипте

жумшалат.

5.2. Кошумча төлөө каражаттарынын түшкөндүгүн жана сарпталашын

эсепке алуу жана отчеттук тартибин Кыргыз Республикасынын Саламаттык

сактоо министрлиги аныктайт.

5.3. Саламаттык сактоо уюмдары кошумча төлөө каражаттарын пайдала-

нышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

жүргүзөт.