Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү жөнүндө Жобо» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 1-октябрындагы
№ 440 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешиндеги Туруктуу өкүлү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешиндеги Туруктуу өкүлү (мындан ары - Өкүл) Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын кам-
сыздайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн конституциялык ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышына
шарт түзөт. Өкүлдүн кызматы мамлекеттик саясий кызмат орун болот.
2. Өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине, Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин Регламентине, Кыргыз Республикасынын
башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого таянат.
3. Өкүл Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын структуралык подразделениеле-
ринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу демилгелеринин
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде өтүү маселеси, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмала-
рынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин башка маселелер боюнча өз ара иштешүүсү
боюнча иштерин координациялайт. Өкүлгө Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттарынын суроо-талаптарын кароо тапшырылат.
Өкүл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин план-
доону координациялайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде ке-
зексиз тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган
кечиктирилгис мыйзам долбоорлордун тизмесин түзөт.
4. Өкүл өзүнүн карамагына тапшырылган маселелер боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелери, Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин Администрациясы, Кыргыч Республикасынын Президентинин Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Рес-
публикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары менен өз ара байланышта иштейт.
II. Өкүлдүн милдеттери
5. Өкүлдүн негизги милдеттери төмөнкүдөй болот:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши менен натыйжалуу жана ыкчам өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз-
доо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун даярдоо боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин пландоону жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу демилгесинин Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинде өтүүсүн координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун жана про-
токолдук тапшырмаларынын аткарылышын координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын су-
роо-талаптарын кароо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу-
га көмөк көрсөтүү.
III. Өкүлдүн ыйгарым укуктары
6. Өкүл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдуу укуктарынын жана ый-
гарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде ишке ашыры-
лышын камсыздоо үчүн өз компетенциясынын чегинде жеке жоопкерчиликте
болот;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ачык, жабык заседание-
лерине жана парламенттик угууларга, анын комитеттеринин, убактылуу ко-
миссияларынын иштерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын чечими-
сиз катышат;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
атынан чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралчу маселе-
лер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдашылган позициясын
билдирет;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин иши, Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешиндеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы жөнүндө Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшыруусу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинде каралчу маселелерге карата Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министринин позициясы жөнүндө маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин,
анын комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын заседаниесине чакы-
рылган Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын башка кыз-
мат адамдарынын катышуусун уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, анын комитеттери, убакты-
луу комиссиялары менен өз ара байланышта иштешүүдө мыйзам чыгаруу про-
цессин макулдашып жүргүзүү жагында сунуштарды киргизет, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргойт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ишине байланыштуу каралчу маселелер боюнча түшүндүрмө берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишинин негизги
багыттарын макулдашат жана аны уюштурууну өркүндөтүү жана андан ары
өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын структуралык бөлүмдөрүнүн Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун жана протоколдук тапшыр-
маларын аткаруу боюнча иштерин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын су-
роо-талаптарын карайт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин кароосуна жиберчү документтердин долбоорлоруна виза коет;
- мыйзам долбоорлорун жана мыйзамдарды кароодо Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин заседаниелерине катышуусу мүмкүн болбогон учурларда аларды алмашты-
руу маселесин өз компетенциясынын чегинде чечет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшыруусу боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин өз ара байланышта иштешин камсыздоо боюнча башка функцияларды
аткарат.
7. Өкүл төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын структуралык бөлүмдөрүнүн жетек-
чилерин чакырып, алардын маалыматтарын угууга жана зарыл болсо аларга
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн өз ара байланышта иштөө маселеси боюнча рекомендацияларды бе-
рүүгө;
Өкүлгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик бийлик органдарынан керектүү материалдарды жана маалымат-
тарды алууга.
IV. Өкүлдүн ишинин уюштуруу негизи
8. Өкүл кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
дайындалат жана бошотулат жана өзүнүн ишин анын түздөн түз жетекчилиги
менен аткарат.
Өкүлдүн кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте дайындалчу жана бошотулчу эки орун басары жана штаттык кызмат-
керлери болот.
Өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчы-
сынын рангындагы орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам
чыгаруу демилгесин пландоону жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинде өткөрүүнү координациялайт.
Өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчы-
сынын рангындагы орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын, Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын суроо-талаптарынын кара-
лышын белгиленген тартипте координациялайт.
Өкүлдүн орун басарлары өздөрү тейлеген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберчү
документтердин долбоорлоруна виза коюшат.
Өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчы-
сынын рангындагы орун басары Өкүл жокто анын ордун алмаштырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө"…Постановление · 01.10.2007 · № 440 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон