# Инфраструктурасынын Долбоорун даярдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-августундагы №174 Буйругу менен бекитилген)

- Толук аталышы: Инфраструктурасынын Долбоорун даярдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-августундагы №174 Буйругу менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58592>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2392/edition/327740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58592.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инфраструктурасынын Долбоорун даярдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-августундагы №174 Буйругу менен бекитилген) (24.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58592

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 24-августундагы

№ 174 буйругунун

2-тиркемеси

Инфраструктурасынын Долбоорун даярдоо жана жүзөгө

ашыруу боюнча координациялык кењеш жөнүндө

ЖОБО

Координациялык кењештин курамы

Координациялык кењештин иштөө тартиби

Координациялык кењеш Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраст-

руктурасынын долбоорун (мындан ары - Долбоор) даярдоо жана жүзөгө ашы-

руу боюнча аракеттерге көмөк көрсөтүү жана координациялоо максатында

түзүлөт.

Координациялык кењештин негизги ролу болуп Бишкек жана Ош шаарла-

рынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын жана Кыргыз Республика-

сынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин (мындан ары

АРИС) - Долбоорду жүзөгө ашыруунун бүткүл мезгилинде аны даярдоо жана

жүзөгө ашыруу боюнча аткаруучу агенттикке колдоо көрсөтүү саналат.

Координациялык кењештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- Долбоорду даярдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча саясатты жана стра-

тегияны иштеп чыгуу;

- Долбоорду даярдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча бардык таламдаш жак-

тардын күч-аракеттерин жалпы координациялоо;

- Долбоордун чегиндеги координациялык иштер жана аны даярдоо жана

жүзөгө ашыруу процессиндеги кыйла маанилүү талаш маселелер боюнча стра-

тегиялык чечимдерди кабыл алуу;

- Долбоорду даярдоо жана жүзөгө ашырууну Кыргыз Республикасы менен

Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууларда каралган жол-жоболорго

ылайык камсыз кылуу;

- Долбоордун ишинин ар жылдык планын жана аны даярдоо жана жүзөгө

ашыруу боюнча отчетторду кароо жана бекитүү;

- Долбоорду ийгиликтүү даярдоо жана жүзөгө ашыруу максатында Биш-

кек, Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, АРИС жана

үй куруучулардын коомдук бирикмелери менен макулдашылган өзара аракет-

тин уюштуруу.

Координациялык кењештин натыйжалуу иши Долбоорду жүзөгө ашыруунун

жүрүшүнө жана акыр аягында Бишкек жана Ош шаарларынын жањы конуштарын

экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүгө дурус таасир тийгизүүгө

тийиш.

Координациялык кењештин курамы

Координациялык кењеш мекемелерден сунуш кылынган өкүлдөр менен ма-

кулдашуу жолу менен түзүлөт жана Долбоорду жүзөгө ашыруунун бүткүл мез-

гилине Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилет.

Координациялык кењештин курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:

- борбордук башкаруу органдарынын (Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин Администрациясынын, министрликтер менен ведомстволордун);

- Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-

дарынын;

- туракжай конуштарынын аймагында жашаган жергиликтүү жамааттар-

дын.

Координациялык кењештин иштөө тартиби

Координациялык кењештин жыйналышы туруктуу, бирок зарылчылыгына

жараша, алты айда кеминде бир жолудан өндүрүлүп турат. Атайын жыйналыш-

тар Координациялык кењештин жетекчисинин же анын каалаган үч мүчөсүнүн

суроо-талабы боюнча чакырылышы мүмкүн. Координациялык кењештин жыйналы-

шына анын жетекчиси же ал жок болгон учурда орунбасарларынын бири төра-

галык кылат Координациялык кењештин бардык мүчөлөрүнүн 50%дан ашыгынын

катышуусу анын кворуму болуп саналат.

Координациялык кењештин чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл

алынат. Добуш берүүнүн жүрүшүндө добуштар тењ болуп калганда төрагалык

кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Координациялык кењеш Долбоор-

дун операциялык иштерине кийлигишүүгө укуксуз.

Координациялык кењештин жыйналышына протокол жазылат. Протоколго

жыйналышта төрагалык кылуучу кол коет жана кењештин бардык мүчөлөрүнө,

Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына,

АРИСке берилет.

Координациялык кењештин ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык

жактан камсыз кылуу АРИСке жүктөлөт.
