Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатору жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 31-июлундагы
№ 161 буйругу менен
бекитилген
Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык
боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук
координатору жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Негизги милдеттери
III. Негизги укуктары
IV. Ишмердигин камсыз кылуу
I. Жалпы жоболор
1. Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Рес-
публикасынан Улуттук координатордун (мындан ары-Улуттук координатор)
кызмат ордунун негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Европа Союзу-
нун (мындан ары - ЕС) ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө
жана ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды координациялоого кө-
мөк көрсөтүү болуп саналат.
2. Улуттук координатор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
аныкталат.
3. Улуттук координатор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыкта-
ры менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын,
ошондой эле ушул Жобо жетекчиликке алат.
II. Негизги милдеттери
4. Улуттук координатордун негизги милдеттери болуп белгиленген
тартипте төмөнкүлөр саналат:
- ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды Кыргыз Республика-
сынын атынан координациялоо,
- ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды тартуу жана пайда-
лануу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын ишине контролдукту камсыз кылуу,
- Европа Союзунун жол-жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасында
жүзөгө ашырылып жаткан ЕСтин Комиссиясынын долбоорлору менен программа-
ларынын ишине контролдук кылуу процессинде ЕСтин Комиссиясынын
өкүлчүлүгүнө жана кызматтарына көмөк көрсөтүү;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин Комиссиясынын региондук стра-
тегиялык документтерин (өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы, улуттук жана мам-
лекеттик программалар ж.б.) жана Кыргыз Республикасынын стратегиялык
документтеринде негизделген Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык доку-
менттерин андан аркы индикативдик программаларды иштеп чыгуу үчүн негиз
катары иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын атынан катышуу;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин Комиссиясынын региондук стра-
тегиялык документтеринин, Кыргызстан үчүн ЕСтин Комиссиясынын стратеги-
ялык документтеринин, финансылык макулдашуулардын, индикативдик прог-
раммалардын, аракеттенүү программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз
Республикасынын атынан талкуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана белги-
ленген тартипте аларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюу;
- мамлекеттик органдардын жана репрезентациялык топтордун (жерги-
ликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишкердиктин, НПОлордун өкүлдөрү ж
б) пикирлерин эске алуу менен программага чейинки документтерди жана
долбоордук арыздарды даярдоо жана ал документтерди ЕСтин Комиссиясынын
Өкүлчүлүгүнө тапшыруу;
- аракеттенүү программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республи-
касынын атынан талкууга жана сүйлөшүүлөргө катышуу, анын ичинде Комис-
сия менен талкуулоо үчүн долбоордук сунуштарды аныктоо, алдын ала тан-
дап алуу, кол коюу жана кароого сунуш кылуу, ошондой эле аракеттенүү
программалары боюнча макулдашууларга кол коюу;
- ЕСтин Комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын
өнүктүрүүгө байланышкан бардык башка функцияларды аткаруу.
III. Негизги укуктары
5. Улуттук координатор өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясы-
нын чектеринде белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды координациялоо ма-
селеси боюнча Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү катары чыгууга,
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан за-
рыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- мамлекеттик органдардын маалыматтар банкынан пайдаланууга;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялык
жана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кыз-
маттык кат алышууга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, мамлекеттик мекемелер-
дин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен ма-
кулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин, илимпоздорун жана адистерин,
башка уюмдардын өкүлдөрүн Улуттук координатордун карамагында турган ма-
селелерди чечүүгө катышууга тартууга, анын ичинде келишимдик негизде
тартууга.
IV. Ишмердигин камсыз кылуу
6. Улуттук координатордун иши Улуттук координациялык бюро тарабы-
нан камсыз кылынат, анын функциясын Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмү атка-
рат.
7. Улуттук координатор жок болгон учурда анын функцияларын Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана со-
циалдык саясат бөлүмүнүн орунбасары - Улуттук координациялык бюронун
директору аткарат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №161 "Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатору болуп кызмат орду боюнча…Распоряжение · 31.07.2007 · № 161
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон