Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги жөнүндө ЖОБО» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 2-октябрындагы
№ 444 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Маданият жана
маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик
архив агенттиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине ка-
раштуу Мамлекеттик архив агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик архив
агенттиги) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин
мамлекеттик кызмат көрсөтүү, архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик мүлктү
башкаруу функциясын аткарган ведомстволук тармагы.
2. Мамлекеттик архив агенттиги өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана ушул
Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик архив агенттиги өзүнүн ишин тике жана ведомстволук
баш ийүүдөгү уюмдар аркылуу, аткаруу бийлигинин башка органдары, жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка
уюмдар менен байланышта жүргүзөт.
Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин
архивинин ишине илимий-усулдук жетекчилик жүргүзөт.
4. Мамлекеттик архив агенттиги юридикалык жак болот. Кыргыз Рес-
публикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик,
расмий тилдерде өздүк аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү баш-
ка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасы-
нын казыналык системасында эсептери болот. Оперативтүү башкаруу укугун-
дагы мүлккө жана өз алдынча балансына ээлик кылат.
Мамлекеттик архив агенттигинин борбордук аппаратын, ведомстволук
баш ийүүдөгү жана аймактык бөлүмдөрүн кармоого чыгымдар Кыргыз Респуб-
ликасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жү-
зөгө ашырылат.
II. Мамлекеттик архив агенттигинин негизги милдеттери
5. Мамлекеттик архив агенттигинин негизги милдеттери:
- архивдик иш тармагында мамлекеттик саясатты аныктоо жана аны
жүзөгө ашыруу;
- республиканын архив ишин башкаруу, архив мекемелеринин ишинде
бардык багыттарды координациялоо;
- республиканын архив ишинин абалын анализдөө жана өнүгүү страте-
гиясын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын архивдик мыйзамдарын колдонуу тажрыйбасын
жалпылоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын архив
иштери боюнча мыйзамдарын жеке жана юридикалык жактарын сөзсүз түрдө
аткаруусуна көзөмөл жүргүзүү;
- жањы маалымат технологияларын киргизүү боюнча иштерди уюштуруу;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун түзүү, сакталышын кам-
сыз кылуу жана пайдалануу;
- ведомстволук архивдердин ишмердигине жана министерликтерде, ве-
домстволордо менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана
ишканаларда иш кагаздарын жүргүзүүгө уюштуруу-усулдук жетекчилик кылуу;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин бор-
бордоштурулган мамлекеттик эсебин жүргүзүү;
- архив иши жаатында эл аралык байланыштарды жүргүзүү.
III. Мамлекеттик архив агенттигинин функциялары
6. Мамлекеттик архив агенттиги өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык
төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:
- архив иши боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат, архив-
дик иш тармагындагы мыйзамдарды коддон\у практикасын жалпылайт жана аны
өркүндөтүү боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- архив ишин өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусун түзүүнү уюштурат,
анын ичинде аны Кыргызстандын чегинен тышкары жерлердеги тарыхый-мада-
ний мурастардын документтери менен толуктайт;
- мамлекеттик архивдерди бүткүл мамлекеттик мааниси бар документ-
тер менен комплектилөөнү жана мамлекеттик архивдердеги документтерди
сактоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтерин
өзгөчө баалуу жана кайталангыс сейрек документтерге киргизүү жөнүмдө
маселелерди чечет;
- айрым объектилерди Кыргызстандын маданий мурастарынын өзгөчө
баалуу объектилеринин мамлекеттик жыйындысына киргизүү маселесин чечүү-
гө катышат;
- мамлекеттик архивдерде Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фон-
дундагы документтердин сакталышын камсыздоо боюнча талаптарды жана до-
кументтерди пайдалануунун тартибин аныктайт, алардын аткарылышын көзө-
мөлгө алат;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтеринин
кайсыл жерде сакталгандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан алардын
борбордоштурулган мамлекеттик эсебин жүргүзөт;
- архив документтерине маалыматтык-издөө системаларын, анын ичинде
автоматташтырылган системаларды түзүүнү уюштурат;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар, ишканалар менен бирдик-
те иш кагаздарын жүргүзүүнүн мамлекеттик системасын ишке киргизүүнү
уюштурат жана аны колдонуу боюнча илимий-усулдук жетекчилик жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде архив ишинин маселелери жана иш ка-
газдарын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер,
уюмдар жана ишканалар милдеттүү түрдө аткара турган усулдук колдонмо-
лорду иштеп чыгат жана бекитет;
- документтердин типтүү тизмелерин сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен
иштеп чыгат жана бекитет, мекемелер тарабынан иштелип чыгуучу документ-
тердин тармактык, тизмелерин сактоо мөөнөтүн көрсөтүү мекен карайт жана
бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө ка-
рабастан мекемелерде документтердин эсебин жүргүзүүнүн, ылгоонун, сак-
тоонун жана пайдалануунун тартибин аныктайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде архив жаатындагы мыйзамдардын
сакталышын контролдойт;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен
бирдикте иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматтардын жана ведомстволук архив-
дердин иштерин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде иш кагазда-
рын жүргүзүүнүн абалына жана ведомстволук архивдердин иштерине кароо-
лорду жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар өзгөртүп
уюштурулган жана жоюлган учурларда архивдик документтерди сактоонун
шарты жана орду жөнүндө корутундуларды берет;
- архивдик документтерди Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары
алын чыгуунун тартибин аныктайт;
- архивдик документтерди Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары
убактылуу алып чыгууга уруксат берет;
- жеке менчиктеги жана чет өлкөгө алып чыгууга суралган архивдик
документтерди алып чыгуу, анын ичинде убактылуу алып чыгуу мүмкүндүгү
жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга корутундулуктарды, уруксаттарды
аныкталган тартипте берүү үчүн экспертизадан өткөрүүлөрдү уюштурат;
- мамлекеттик архивдерде сакталып турган серептөөчү документтик
маалыматтарды аларды ар тараптуу колдонуу үчүн көрсөтүүлөрдү уюштурат,
серептөөчү документтик маалыматтарды жана документтерди пайдалануу на-
тыйжалуулугун жогорулатуу боюнча коомдук керектөөлөрдү изилдөө иштерин
уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин жа-
рыялайт, архив иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча илимий, или-
мий-популярдык, илимий-усулдук, маалымдама адабияттарды, жарнактык-бил-
дирүү материалдарын басмадан чыгарат;
- архив таануу, документ таануу, археография тармагында или-
мий-изилдөө жана усулдук иштерди уюштурат жана координациялайт;
- ата мекендик жана чет элдик архив мекемелеринин алдынкы иш таж-
рыйбаларын изилдейт, жалпылайт, жайылтат жана белгиленген тартипте или-
мий-практикалык конференцияларды, кењешмелерди, семинарларды өткөрөт,
архив иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча көргөзмөлөрдү уюштурат;
- архив мекемелеринин жана ведомстволук архивдердин кызматкерлери-
нин квалификациясын жогорулатууну уюштурат, архив иши боюнча адистерди
даярдоого катышат;
- мамлекеттик архив кызматынын кызматкерлерин укуктук жана социал-
дык жактан коргоону камсыз кылат;
- Мамлекеттик архив агенттиги системасынын мекемелеринин кызмат-
керлеринин иштөө шартын жакшыртуу жана аларды социалдык коргоо маселе-
лерин чечүүгө көмөк көрсөтөт;
- юридикалык жана жеке жактарга өзүнүн компетенциясынын чегинде
монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен
белгиленген тартипте макулдашылган тарифтер боюнча акы төлөнүүчү кыз-
маттарды көрсөтөт;
- жарандарды кабыл алат, жарандардын арыздары, сунуштары жана дат-
тануулары өз убагында жана толук каралашын, алар боюнча чечимдердин ка-
был алынышын, ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелердин жана уюмдардын иш-
териндеги белгиленген кемчиликтерди жоюу чаралары көрүлүшүн жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө арыздануучуларга
жооп жөнөтүлүшүн камсыздайт;
- архив иши тармагында Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер
менен кызматташтыгын өнүктүрөт. Эл аралык архивдик уюмдардын иштерине
катышат.
IV. Мамлекеттик архив агенттигинин укуктары
7. Мамлекеттик архив агенттигине алдына коюлган маселелерди атка-
руу үчүн төмөнкү укуктар берилет:
- мамлекеттик архивдердин комплектилөө булактары болгон мекемелер-
дин курамын жана мамлекеттик, ведомстволук архивдерде сакталууга тийиш
документтерди аныктоого;
- мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер-
ден, уюмдардан жана ишканалардан, ошондой эле жарандардан алардагы Кыр-
гыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтеринин курамы ме-
нен көлөмү, аларды сактоо жана пайдалануу шарттары жөнүндө маалыматтар-
ды алууга;
- документтерди сактоонун мөөнөтүн аныктоого;
- сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен документтердин типтүү тизмесин
иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдарга, мекемелерге,
уюмдарга, ишканаларга Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун
документтеринин сакталышын, пайдаланылышын камсыздоодо жана иш кагазда-
рын жүргүзүүдө байкалган кемчиликтерди жоюу боюнча аткарылууга милдет-
түү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- архив мыйзамдарынын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарын
жана жарандарды белгиленген тартипте жоопко тартуу маселесин чечүүгө;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар тарабынан
иштелип чыккан архив иштери жана иш кагаздарды жүргүзүү маселелери бо-
юнча ченемдик-усулдук документтерди макулдашууга;
- архив иштери жана иш кагаздарды жүргүзүү боюнча сөзсүз түрдө ат-
карылууга тийиш болгон ченемдик-усулдук документтерди иштеп чыгууга жа-
на бекитүүгө;
- архив иштери жана иш кагаздарды жүргүзүү маселелерин кароо үчүн
ведомстволор аралык туруктуу жана убактылуу комиссияларды түзүүгө;
- белгиленген тартипте архив иштеринин маселелери боюнча эл аралык
келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- мамлекеттик архивдерди түзүү, жоюу, өзгөртүп уюштуруу жөнүндө
сунуштарды аныкталган тартипте киргизүүгө;
- мамлекеттик органдарда, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда
иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалына жана ведомстволук архивдердин иштери-
не кароо өткөрүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана
ишканалардын архивдерине жана иш кагаздарды жүргүзүүчү бөлүмдөрүнө ки-
рүүгө.
V. Мамлекеттик архив агенттигинин ишин уюштуруу
8. Мамлекеттик архив агенттигин Кыргыз Республикасынын маданият
жана маалымат министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри кызматка дайындоочу жана бошотуучу директор жетектейт.
9. Мамлекеттик архив агенттигинин директору:
- Мамлекеттик архив агенттигине жалиы жетекчилик кылат;
- Мамлекеттик архив агенттигинин компетенциясынын чегинде буйрук-
тарды, нускамаларды чыгарат;
- архив иши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өз компетенциясынын
чегинде эл аралык, ведомстволор аралык келишимдерге кол коет;
- Мамлекеттик архив агенттигине жүктөлгөн милдеттердин жана функ-
циялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын архив ишин уюштуруу-
ну өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Мамлекеттик архив агенттигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк
бөлүктөрү жөнүндөгү жоболорду бекитет, алардын кызматкерлеринин функци-
ялык милдеттерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин номен-
клатурасына кирген кызмат орундарын кошпогондо Мамлекеттик архив агент-
тигинин системасындагы кызматкерлерди кызматка дайындайт жана кызматтан
бошотот;
- борбордук, облустук архив мекемелери, Бишкек жана Ош шаарларынын
мамлекеттик архивдери, маалыматтык технологиялар жана документациялар
борборлору жөнүндөгү жоболорду, алардын түзүмүн жана штаттык санын бе-
китет;
- эмгек акы төлөөнүн жана материалдык сый көрсөтүүнүн колдонуудагы
шарттарынын туура колдонулушун камсыз кылат, эмгекти уюштуруунун жана
акы төлөөнүн прогрессивдүү формаларын киргизет, эмгек акы төлөө фонду-
нун чыгымдалышына көзөмөл жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин номен-
клатурасына кирген кызмат орундарынан сырткары мамлекеттик архив меке-
мелеринин бош кызмат орундары үчүн конкурс жана кызматкерлерге аттеста-
ция уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырат.
10. Директордун Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат ми-
нистрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директорунун сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри дайындачу
бир орун басары болот.
11. Мамлекеттик архив агенттиги жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз
Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине өз иши жөнүндө от-
чет берет.
12. Мамлекеттик архив агенттигинин алдында:
- Архив таануу, документ таануу жана археография жагынан или-
мий-усулдук иштердин маселелерин кароо үчүн илимий-усулдук кењеш;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтеринин
курамын аныктоо, документтердин баалуулугун экспертизалоо жана аларды
мамлекеттик сактоого ылгап алуу менен байланышкан маселелерди кароо
үчүн Борбордук-эксперттик-текшерүү комиссиясы иштейт.
Илимий-усулдук кењеш жана Борбордук эксперттик-текшерүү комиссиясы
жөнүндө жоболор Мамлекеттик архив агенттигинин директору тарабынан бе-
китилет.
VI. Мамлекеттик архив агенттигинин кызматкерлерин
укуктук жана социалдык жактан коргоо
13. Мамлекеттик архив агенттигинин кызматкерлерин укуктук жана со-
циалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары ме-
нен жөнгө салынат.
VII. Мамлекеттик архив агенттигин кайра уюштуруу жана жоюу
14. Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген тартипте жоюлушу, кайра уюшулушу мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин маселелери"…Постановление · 02.10.2007 · № 444
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон