Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги жөнүндө ЖОБО»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 1-октябрындагы
№ 441 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Бањгизатка
контролдук агенттиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттиги (мындан
ары - БКА) Кыргыз Республикасынын башка аткаруу бийлик органдарына кир-
гизилген, бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жагында бирдиктүү
саясатты жүргүзгөн укук коргоочу орган болуп саналат.
БКА тикелей Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө баш ийет жана отчет берет.
2. БКА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз
Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Рес-
публикасы катышуучусу болуп, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл ара-
лык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. БКАнын иши мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана эркиндикте-
рин урматтоо, коомдун таламдарын сактоо, Кыргыз Республикасында бањги-
ликке каршы турууда маалымдуу жана жашыруун ыкмаларды колдонуу принцип-
теринин негизинде жүргүзүлөт.
4. БКАнын өзүнүн айырмалоочу белгилери - БКАнын сунушу боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү туусу, эмблемасы жана формалары
болот.
5. БКА юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
гербинин сүрөтү бар жана аталышы кыргыз, орус жана англис тилдеринде
жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казначылык органдарында
эсеби, анын ичинде валюталык эсеби болот.
II. БКАнын негизги милдеттери
6. БКАнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жагын-
да мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
мыйзамдуу жүгүртүүгө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу боюнча
чараларды жүзөгө ашырууга тиешелүү маселелерде аткаруу бийлик органда-
рынын өз ара аракеттенишин камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бањгизатка контролдук
органдардын тергөөсүнө берилген кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт
коюу, бетин ачуу жана тергөө;
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу жагында эл аралык уюмдар жана чет мам-
лекеттердин компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын эл ара-
лык келишимдерине ылайык өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу,
ошондой эле бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсор-
лорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу маселелери боюнча эл аралык уюм-
дарда Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүү;
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
жүгүртүүгө контролдук кылуу, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы ту-
руу жагында белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзүү.
III. БКАнын функциялары
7. БКА өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык, өз компетенциясынын че-
гинде төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
мыйзамдуу жүгүртүүгө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу масе-
лелери боюнча аткаруу бийлик органдарынын өз ара аракеттенишин камсыз
кылуу;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүү;
- бањгизатка контролдук органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
менен тергөө органдарына берилген жазык иштерин тергөө;
- Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- өз компетенциясынын чегинде дарылык бањги каражаттарын жана пси-
хотроптук заттарды мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук кылуу;
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
мыйзамдуу жүгүртүүгө мониторинг жүргүзүү, алардын кыймылы боюнча Бањги-
заттарга контролдук боюнча эл аралык комитетке системалуу отчет берүү;
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
башка укук коргоо органдары тарабынан жок кылуу тартибинин сакталышына
контролдук кылуу;
- ички контроль, өзүнүн коопсуздугу жана бањгизатка контролдук бо-
юнча органдын кызматкерлеринин коопсуздугу;
- өз кызматкерлерин, аларга көмөк көрсөткөн адамдарды, бањгизатка
контролдук органынын тергөөсүнө берилген иштер боюнча жазык сот өндүрү-
шүнүн катышуучуларын жана алардын жакындарын алардын өмүрүнө жана ден
соолугуна кылмыштуу кол салуулардан коргоо;
- бањгизатка контролдук органына берилген маселелер боюнча жаран-
дарды кабыл алуу, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын ка-
роо;
- бањгизатка контролдук органдын системасында белгиленген тартипте
курал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүү эрежелерин сактоо боюнча
чараларды көрүү;
- мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды түзгөн
маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды, анын ичинде өз
кызматкерлеринин жана кызматчыларынын аталган маалыматтарга ээ болушу,
ошондой эле бањгизаттарга контролдук органга кызматка жарандарды кабыл
алуу менен байланышкан чараларды көрүү;
- кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана тарбиялоо, ошондой эле аларды
даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- бањгизатка контролдук органдын мобилизациялык даярдануусун жана
мобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу;
- белгиленген тартипте бањгизатка контролдук органдын аскерге мил-
деттүү кызматкерлерин жана кызматчыларын атайын эсепке алуу;
- бањгизатка контролдук органдын ишин материалдык-техникалык жана
финансылык жактан камсыз кылуу;
- бањгизатка контролдук органдын кызматкерлеринин жана кызматчыла-
рынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн туракжай шартын жакшыртуу боюнча
чараларды көрүү;
- бањги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлор-
дун улуттук тизмесин, мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазык
жоопкерчилигине алып келе турган бањги каражаттарынын, психотроптук
заттардын жана прекурсорлордун критерийлерин жана өлчөмдөрүн иштеп чы-
гуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жиберүү;
- дарылык бањги каражаттарын жана психотроптук заттарды жеке адам-
дарга сатуунун тартибин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери
жана ведомстволору менен макулдашуу;
- бањги каражаттарына, психотроптук заттарга болгон керектөөнү
Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен
макулдашуу жана бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга тийиштүү
квота алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Бањ-
гизаттарга контролдук боюнча эл аралык комитетке жиберүү.
8. БКА ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз компетенциясынын чегин-
де төмөнкүлөрдү уюштурат:
- бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду
мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин;
- бањгиликтин алдын алуу, бањги каражаттарын, психотроптук заттар-
ды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук кылуу, ошондой
эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жагында максаттуу прог-
раммаларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну.
IV. БКАнын ишин уюштуруу
9. БКАга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалчу жана
бошотулуучу директор башчылык кылат.
10. БКАнын директорунда, БКАнын директорунун өтүнүчүнүн негизинде
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти тарабынан дайындалып жана бошотулчу эки орун баса-
ры болот, алардын бирөө биринчи болот.
11. БКАнын директору:
- БКАга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик
тартат;
- БКАнын ишин жеке башкаруу принцибинде уюштурат жана жетекчилик
кылат;
- БКАнын компетенциясына берилген маселелер боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат-
тарды берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине катышат, БКАнын ишине ти-
ешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, ошондой эле
чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен
мамилелерде БКАнын атынан өкүл болот;
- өз орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, БКАнын
кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
- БКАнын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
- БКАнын тийиштүү бөлүмдөрүндө оперативдүү кењешмелерди түзөт жана
алардын сандык жана жекече курамын бекитет;
- эксперттик, консультациялык жана кењешүү органдарын түзөт, алар
жөнүндө жобону жана алардын курамын бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде приказдарды жана буйруктарды чыга-
рат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- белгиленген тартипте жана ага берилген ыйгарым укуктарынын че-
гинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалары,
мекемелери, уюмдары, кызмат адамдары жана жарандар милдеттүү түрдө ат-
кара турган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен БКАнын компетенци-
ясына кирген ченемдик укуктук актыларды чыгарат;
- тергөөчүлөр конкреттүү иштер боюнча чыгарган токтомдордон тышка-
ры, БКАнын бөлүмдөрүнүн жетекчилери чыгарган Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына каршы келген актыларды жокко чыгарат;
- БКАнын компетенциясына берилген маселелер боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын жа-
на сунуштардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине БКАнын коллегия
мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен БКАнын орун басарла-
рын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кирги-
зүүнү өтүнөт;
- БКАнын директорунун орун басарларына атайын жогорку наамдарды
берүү жөнүндө өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү
тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылат;
- БКАнын кызматкерлери ээлеген кызмат орундар боюнча атайын наам-
дардын чегин белгилейт;
- БКАга кызматка (ишке) кабыл алууну, кызматтан (иштен) бошотууну
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурат;
- кызматкерлерди жана кызматчыларды кызматка (ишке) кабыл алат жа-
на бошотот, аларды кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, алар менен эм-
гек келишимдерин (контракттарды) түзөт, өзгөртөт жана бузат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-
кеттик кызматчыларга класстык чендерди берет;
- БКАнын кызматкерлерине "бањгизатка контролдук кызматынын полков-
нигине" чейин атайын наамдарды белгиленген тартипте берет;
- БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларын, ошондой эле тапшырыл-
ган милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунушту Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин кароосуна киргизет;
- БКАнын кызматкерлерин жана БКАга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө
көмөк көрсөткөн адамдарды сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фонду, анын
ичинде дүрмөттүү жана дүрмөтсүз куралдардын фондуна ээ болот;
- ведомстволук сыйлыктар, баалуу белектер же акчалай сыйлык менен,
ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте дүрмөттүү
жана дүрмөтсүз куралдар менен сыйлайт;
- БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларына Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык тартипте жана шартта үстөк акы жана сыйлык акыларды
төлөп берүүнү камсыз кылат, тийиштүү жылга республикалык бюджеттен БКА-
га бөлүнгөн каражаттардын чегинде башка кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларын сыйлоо жана аларга ка-
рата тартип жазасын колдонуу маселелерин чечет;
- БКАнын кызматта болуу курагынын белгиленген чегине жеткен айрым
кызматкерлерине өзгөчө учурларда кызмат өтөө мөөнөтүн узартат;
- БКАнын кызматкерлери менен кызматчыларын мамлекеттик бийлик ор-
гандарына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана шартта эл аралык уюмдарга
иштөөгө жиберет;
- БКАнын кызматкерлери менен кызматчыларынын чет өлкөлөргө иш са-
парына байланышкан маселелерди белгиленген тартипте чечет;
- БКАнын оперативдүү маалыматтарды чет мамлекеттердин компетенттүү
органдарына берүүсүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык аныктайт;
- БКАнын органдарынын штаттык саны, аларды финансылоо жана матери-
алдык-техникалык жактан камсыз кылуу жөнүндө сунушту иштеп чыгат жана
белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы фондусунун чегинде
БКАнын штаттык тизмегин, ошондой эле тийиштүү жылга республикалык бюд-
жеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде аларды күтүүгө чыгымдардын смета-
сын бекитет;
- БКАны күтүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн финансылык кара-
жаттарды, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер берген ка-
ражаттарды белгиленген тартипте тескейт;
- БКАнын изин суутпай-издөө ишин жүргүзүшүнө байланышкан оператив-
дүү иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды чыгымдоонун ченемин
жана тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана мыйзам-
дарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
12. БКАда курамына директор (коллегиянын төрагасы), директордун
орун басарлары, ошондой эле БКАнын башка жетекчи кызматкерлери, Кыргыз
Республиканан Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирген 7 кишиден турган кол-
легия түзүлөт.
Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча кирген адамдардан (БКАнын
директору жана орун басарлары) башка мүчөлөрү БКАнын директорунун суну-
шу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Коллегия өз жыйналыштарында:
- БКАнын ишинин негизги маселелерин карайт жана алар боюнча чечим
кабыл алат;
- БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларын, ошондой эле ага жүк-
төлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды сыйлоо үчүн ведом-
стволук сыйлыктарды (ардак грамота, медалдар, төш белгилер ж.б.) уюшту-
рат, ал сыйлыктар жөнүндө жобону жана алардын баяндамасын бекитет.
Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл
алынат жана БКАнын директорунун приказы менен таризделет.
БКАнын директору менен коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда кайчы пикир-
лер келип чыкканда директор өз чечимин өткөрөт. Андай болгон учурда
БКАнын коллегия мүчөлөрү өз пикирин Кыргыз Республикасынын Президентине
жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине билдирүүгө укуктуу.
БКАнын коллегиясынын жана башка аткаруу бийлик органдарынын бирге-
лешкен жыйналыштарында кабыл алынган чечимдер БКАнын жана тийиштүү ат-
каруу бийлик органынын биргелешкен приказдары менен таризделет.
V. БКАнын ишине контролдук кылуу
жана көзөмөл жүргүзүү
13. БКАнын ишине Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзам-
дары менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын
Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри контролдук кылат.
14. БКАнын ишинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышына
көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүргүзөт.
15. БКАга купуя негизде көмөк көрсөткөн же көрсөтүп жаткан адамдар
жөнүндө, ошондой эле БКАнын ишинин уюштурулушу, тактикасы, усулдары жа-
на каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин маселелери" жөнүндө ТоктомуПостановление · 01.10.2007 · № 441 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндөЗакон · 28.03.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон