# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-октябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-октябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 446
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58584>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12368/edition/327731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58584.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-октябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Токтому (05.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58584

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 5-ноябрындагы № 532 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 3-октябры № 446

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум

(жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын

ишке ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы

№ 410 "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы элдик добуш берүү) өт-

көрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу

органдарына, референдумдун участкалык комиссияларына аны уюштурууга кө-

мөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында референдумду даярдоого жана өткөрүүгө

көмөк көрсөтүү боюнча тиркемеге ылайык курамда Республикалык штаб тү-

зүлсүн.

2. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрация башчылары

жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери:

- референдумдун участкалык комиссияларына алар өздөрүнүн ыйгарым

укуктарын ишке ашыруусуна уюштуруучулук жана практикалык жардам көрсө-

түү үчүн облустук, райондук жана шаардык штабдарды түзүшсүн;

- референдумдун участкалык комиссияларын тиешелүү жайлар, байланыш

каражаттары, транспорт, электр энергиясы менен камсыз кылышсын;

- эмгек жамааттарында жана калк жашаган жерлерде референдум өткө-

рүүнүн максаттарын түшүндүрүү, "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун тал-

куулоо үчүн семинарларды, чогулуштарды өткөрүүдө, ошондой эле референ-

думга жарандардын активдүү катышуусун камсыздоо боюнча калк арасында

уюштуруучулук жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө референдумдун участка-

лык комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;

- жарандардын сын-пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана референ-

думдун участкалык комиссияларынан сунуштарды өз учурунда кароону уюшту-

рушсун.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк арасында

кењири түшүндүрүү иштерин уюштурууда жана жүргүзүүдө референдум комис-

сияларына ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына, Кыргыз

Республикасынын "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компания-

сына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз-Туусу", "Эркинтоо" газеталарынын

редакцияларына референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылды-

руу сунуш кылынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги референдумду да-

ярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө болуучу чогулуштарда, жыйындарда жа-

на башка иш-чараларда коомдук тартиптин сакталышын, ошондой эле рефе-

рендумду өткөрүү учурунда шайлоо участокторун күзөтүүнү камсыз кылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-

сынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоорун кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

кароосуна киргизүү менен референдумду өткөрүүгө республикалык бюджеттен

зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана ре-

ферендумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өз убагында бөлүүнү

камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Кыр-

гыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине референдумдун документте-

рин оперативдүү жеткирүүнү уюштурсун.

8. Референдум өткөн күнгө төмөнкүлөр сунушталсын:

- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна телерадиоберүүнүн үз-

гүлтүксүз ишин камсыздоо;

- "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалалабат

электр" ачык акционердик коомдоруна электр энергиясын үзгүлтүксүз бе-

рүүнү камсыздоо.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 3-октябрындагы

№ 446 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасында референдумду даярдоого жана

өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын

КУРАМЫ

Атамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, штабдын

төрагасы;

Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,

штабдын төрагасынын орун басары;

Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетек-

чиси - министр, штабдын төрагасынын орун басары.

Штабдын мүчөлөрү:

Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Ногойбаев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар минист-

ри;

Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника-

циялар министри;

Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык

өнүктүрүү министри;

Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат

министри;

Абдраимов Т.Д. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо минист-

ри;

Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим ми-

нистри;

Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана

отун ресурстары министри;

Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук кооп-

суздук комитетинин төрагасы;

Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык

өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн

башчысы;

Даудова Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

басма сөз кызматынын жетекчиси.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
