# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 429
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12367/edition/327730/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому (21.09.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58583

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-сентябры № 429

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

2007-жылдын 12-июнундагы № 84 "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жө-

нүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга ас-

кер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүү-

лөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз

Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын тү-

зүлүштөрдүн кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобону бекитүү туура-

луу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-июнундагы № 377

токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Согуштук мезгилдин штатында карал-

ган аскердик кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө

(атайын түзүлүштөргө арналган) катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобили-

зациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз Республикасы-

нын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын түзүлүштөрдүн

кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"6-1. Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде катталган талапкер аскердик

кызматка же аскердик жыйынга чакырылышы мүмкүн эмес".

2. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында турган

аскерге милдеттүүлөрдүн машыгууларын жана атайын жыйындарын өткөрүүнүн

тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн 2000-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо кирги-

зилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Күчтөрүнүн запасында турган аскерге милдеттүүлөрдүн машыгууларын жана

атайын жыйындарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:

"5-1. Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде катталган талапкер машыгуу же

атайын жыйынга чакырылышы мүмкүн эмес.".

3. Бул токтом 2007-жылдын 12-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр А.Атамбаев
