# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 442
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58579>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12363/edition/327726/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58579.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому (01.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58579

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 1-октябры № 442

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы

Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы

№ 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн адистерди даяр-

доонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын

генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону

бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майын-

дагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы

академиясы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-

гизилсин:

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "студенттер" деген

сөздөр алып салынсын;

- 1-бөлүмдүн 1.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен

толукталсын:

" - жалпы орто билимдин базасында кесиптик орто билим берүү менен

адистерди даярдоо;"

- 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда ба-

яндалсын:

" - бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасы боюнча, ошондой эле

бюджеттик жана контракттык негизде сырттан окуунун формасы боюнча

(угуучулар) ички иштер органдары жана юриспруденциянын башка тармактары

үчүн толук жогорку юридикалык билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү;";

- 3-бөлүмдүн 3.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац ме-

нен толукталсын:

" - тийиштүү түрдө бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жа-

на сырттан окуу формасы боюнча жалпы орто билимдин базасында кесиптик

орто билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү".

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн норматив-

дик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министр А.Атамбаев
