Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 1-октябры № 442
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы
Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы
№ 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн адистерди даяр-
доонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын
генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону
бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майын-
дагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы
академиясы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-
гизилсин:
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "студенттер" деген
сөздөр алып салынсын;
- 1-бөлүмдүн 1.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен
толукталсын:
" - жалпы орто билимдин базасында кесиптик орто билим берүү менен
адистерди даярдоо;"
- 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда ба-
яндалсын:
" - бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасы боюнча, ошондой эле
бюджеттик жана контракттык негизде сырттан окуунун формасы боюнча
(угуучулар) ички иштер органдары жана юриспруденциянын башка тармактары
үчүн толук жогорку юридикалык билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү;";
- 3-бөлүмдүн 3.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац ме-
нен толукталсын:
" - тийиштүү түрдө бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жа-
на сырттан окуу формасы боюнча жалпы орто билимдин базасында кесиптик
орто билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн норматив-
дик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.