# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12361/edition/1141870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" Токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58577

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 1-октябры № 440

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 499 токтомуна

ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын даярдалчу

мыйзам долбоорлордун сапаты жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилигин жо- горулатуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган мыйзам долбоор- лордун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде өз учурунда өтүшүн кам- сыз кылуу максатында төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешиндеги Туруктуу өкүлү: Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери- нин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине кароого жиберилген мыйзам долбоорлордун өтүшү жана пландалып жаткан мыйзам долбоорлору жөнүндө маалыматтарын угуу үчүн квартал сайын Кыргыз Республикасынын Премь- ер-министринде кењешмелерди уюштурат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин пландоону координациялайт; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши кезексиз тартипте карашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган кечикти- рилгис мыйзам долбоорлордун тизмесин түзөт; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење- шинин кароосуна жиберген мыйзам долбоорлордун актуалдуулугуна талдоо жүргүзөт жана зарыл учурда аларды кайра сурап алуу демилгесин көтөрөт; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган мыйзам долбоорлордун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде өтүшүнө мониторинг жүргүзөт; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу демилгесинин Кыр- гыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги өтүшүнө байланыштуу маселе бо- юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн ишин координа- циялайт;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо

жана кадрдык кызмат бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан да- ярдалган мыйзам долбоорлорго белгиленген тартипте укуктук экспертиза жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги Туруктуу өкүлү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү жылга мыйзам долбоорлоо ишинин пландарын түзүп, жалпылайт жана алардын атка- рылышын контролдойт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-февралындагы №

68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке- њешиндеги Туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

Премьер-министр А.Атамбаев
