# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 438 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 438 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 438
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58575>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12359/edition/351481/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58575.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 438 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (06.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58575

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 28-сентябры № 438

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат

министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик органдардын тү-

зүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлы-

гына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик коми-

теттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин

башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү маселелери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 токтому-

на ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ма-

селелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апре-

линдеги № 129 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-

зилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мада-

ният жана маалымат министрлиги жөнүндө жобого:

- IV главанын 9-пунктунун жыйырма экинчи абзацы жана V главанын

14-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ведомствого караштуу подразделениелерди (мекемелерди) түзүү, кай-

ра уюштуруу, жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кирги-

зет", Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ал-

дындагы Мамлекеттик архив агенттиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизет";

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мада-

ният жана маалымат министрлигинин башкаруу схемасында:

"Маданият жана искусство окуу жайлары" бөлүмү "Жогорку окуу жайла-

ры, кесиптик орто окуу жайлары, М.Абдраев атындагы республикалык атайын

музыкалык орто мектеп-интернаты, балдар музыкалык мектептери, балдар

көркөм сүрөт мектептери, балдар искусство мектептери, квалификацияны

жогорулатуу факультеттери, № 57 жана № 167 бала бакчалары" деген сөздөр

жана сандар менен толукталсын;

"Ведомствонун карамагындагы мекемелер" бөлүмү ", Достук Үйүнүн ди-

рекциясы", "Байчечекей" жана "Кырчын" журналдарынын редакциялары" деген

сөздөр менен толукталсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
