# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 437
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12358/edition/1291458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58574

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 28-сентябры № 437

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жө- нүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 208 Мыйза- мына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ченемдик укуктук актыларды системалаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток- том кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы

№ 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-мартындагы № 121

"Кыргыз Республикасынын граждандарын медициналык камсыздандыруу жөнүн- дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна тө- мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелеринде:

- 8.7-пунктчадагы "жалдоочу" деген сез "жумуш берүүчү" деген сөзгө

алмаштырылсын; 16-пунктта: экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: " - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - социалдык коргоо күбө- лүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү пас- порту (ID-карточка);

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана эмгек ке-

лишиминин негизинде эмгектик мамиледе турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - социалдык коргоо күбөлүгү;"; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: " - калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдарында кат- талган жумушсуз жарандар үчүн - милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;"; сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

- 18 жашка толо элек жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары,

баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесип- тик окуу жайларынын күндүз окуган студенттери үчүн алар 21 жашка чык- канга чейин - милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси, ал эми алар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмүн тө- лөгөн учурда - социалдык коргоо күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жа- ранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карточка)."; аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсызданды- руу каражаттарын жыйноо жана Кыргыз Республикасынан Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мил- детүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"3. Пенсионерлерди жана жумушсуздарды милдеттүү медициналык кам- сыздандырууга каражаттар республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүүчү жылына 1,5 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө өткөрүп берилет.".

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык

мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтир- син.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
