# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58568>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12352/edition/708431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому (29.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58568

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы N 91 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-сентябры № 431

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Паспорттук жана визалык контроль департаменти

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишмердигинин на-

тыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук

жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токто-

муна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички

иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти

жөнүндө жободогу 51 жана 52-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"51. Департаментти кызматка Кыргыз Республикасынын ички иштер ми-

нистринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайын-

доочу жана бошотуучу начальник башкарат.

52. Департаменттин начальнигинин Кыргыз Республикасынын ички иштер

министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир

орун басары болот, ал начальник жокто анын милдеттерин аткарат.".

2. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери"

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги №

134 токтомунун 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министр А.Атамбаев
