# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги № 134 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги № 134 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12344/edition/327703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги № 134 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому (14.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58559

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 14-августундагы № 442 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-сентябры № 420

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин маселелери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 19-апрелиндеги № 134

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмүн оптимал-

даштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын орто

мектебинин базасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Кадрларын даярдоо борбору түзүлсүн (КПҮ).

2. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги №

134 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-

лигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

"ИИМдин Атайын орто мектеби" деген сөздөр жана аббревиатура "ИИМ-

дин Кадрларды даярдоо борбору" деген сөздөр жана аббревиатура менен ал-

маштырылсын (КПҮ).

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тар-

типте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрларды даяр-

доо борбору жөнүндө жобону бекитсин жана өз чечимдерин ушул токтомго

ылайык келтирсин (КПҮ).

Премьер-министр А.Атамбаев
