# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 "Ветеринардык препараттарга контролду жана сертификаттоону уюштуруу маселелери жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 "Ветеринардык препараттарга контролду жана сертификаттоону уюштуруу маселелери жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 418
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12342/edition/367246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 "Ветеринардык препараттарга контролду жана сертификаттоону уюштуруу маселелери жөнүндө" Токтому (18.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58557

---

КР Өкмөтүнүн

2010-жылдын 18-ноябрындагы №277

токтомунун редакциясына ылайык

күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 19-сентябры № 418

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ветеринардык препараттарга контролду жана сертификаттоону

уюштуруу маселелери жөнүндө

Ветеринардык дары каражаттардын сапатына контролду уюштуруу, алар-

ды каттоону жана сертификаттоону камсыздоо максатында Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №

562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу

боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пунктунун биринчи абзацында "Ветеринардык препараттарды" деген

сөздөрдөн жана 7-пунктунун үчүнчү абзацында "Ветеринардык препараттар-

ды" деген сөздөрдөн кийинки "стандартташтырууну" деген сөз алып салын-

сын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине ка-

раштуу Ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификаттоо боюнча

мамлекеттик лаборатория жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги каржылоонун жана материалдык-техникалык жабдуунун мурда

каралган көлөмүн эске алуу менен Мамлекеттик лабораторияны кармоого жа-

на приборлор, жабдуулар менен жабдууга жыл сайын каражат бөлүүнү, лабо-

раторияны аккредитациялоону жана ага тапшырылган милдеттерди ишке ашы-

рууну камсыз кылуу максатында кадрларды окутууну караштырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр А.Атамбаев
