# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 414
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12338/edition/327697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (20.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58553

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-сентябры № 414

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү

объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды

бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

Транспорт каражаттарды (номерлүү агрегаттарды) сатууда алардын

туура нарктык баасын аныктоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республика-

сынын нормативдик актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы №

143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык су-

нуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте

турган транспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алар-

дын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Чет өлкөдө жайгашкан мамлекеттик юридикалык жактардын балансында

турган транспорт каражаттардын (номерлүү агрегаттардын) нарктык баасын

аныктоо үчүн андай мамлекеттик юридикалык жактардын чечими менен баалоо

боюнча комиссия түзүлөт. Мында комиссиянын курамына менчиктештирүү жана

мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын

өкүлү киргизилбейт. Комиссия транспорт каражаттардын (номерлүү агрегат-

тардын) нарктык баасын ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарынын талаптарын

сактоо менен аныктайт.";

- 10-пункту:

- "мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча" деген сөздөрдөн кийин

"(транспорт каражатты ушул Жобонун 5-пунктунун жетинчи абзацына ылайык

максаттуу сатууну ишке ашыруу)" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толуктал-

сын:

"Транспорт каражатты максаттуу реализациялоо мүмкүн эмес болгон

учурда мамлекеттик юридикалык жак транспорт каражатты аныкталган тар-

типте аукцион аркылуу сатууга укуктуу. Мында старттык баа катары баалоо

боюнча комиссия аныктаган баа алынат.

Чет өлкөдө жайгашкан мамлекеттик юридикалык жактар өздөрүнүн ба-

лансында турган транспорт каражаттарды ушул пункт менен аныкталган тар-

типке ылайык сатышат.";

- 12-пунктундагы "жана эгер мамлекеттик юридикалык жак сунуш кыл-

ган транспорт каражаты жогорку рыноктук суроо-талапка ээ болсо жана аны

аукциондо сатуу максатка ылайык келсе, канааттандырылбашы мүмкүн" деген

сөздөр алып салынсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Чет өлкөдө жайгашкан мамлекеттик юридикалык жактар транспорт ка-

ражаттарды (номерлүү агрегаттарды) алмашканда (бартер ж.б.) тийиштүү

мамлекеттик юридикалык жак ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарынын талап-

тарын аткаруу менен баалоо жүргүзөт. Алмашуу келишими ага кол коюлганга

чейин менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.".

Премьер-министр А.Атамбаев
