# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412 "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412 "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 412
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12337/edition/939715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 412 "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58551

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-сентябры № 412

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы

№ 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Тарыхый мекенине кайтуучу

этностук кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" 2001-жыл-

дын 29-августундагы № 264 Жарлыгына жана "Тарыхый мекенине кайтуучу эт-

ностук кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2006-2008-жылдарга "Кайрылман"

мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн 2006-жылдын 19-октябрындагы № 737 токтомуна ылайык, этностук кыр-

гыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү процессине өзгөчө саясий маани

берүү менен жана аларды коомго интеграциялоо максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна тө-

мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик пошлиналардын

ставкаларынын 5-пунктунун "ж" жана "з" пунктчалары төмөнкүдөй редакция-

да берилсин:

"

| ж) Кыргыз Республикасына убактылуу келишкен |  |
| --- | --- |
| чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок |  |
| адамдарга чет өлкөлүк паспортуна же аны |  |
| алмаштыруучу документине визаларды берүү |  |
| же жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн: |  |
| - Кыргыз Республикасынан чыкканда жана |  |
| кийин Кыргыз Республикасына киргенде: |  |
| - үч айга чейинки мөөнөткө; | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
|  | он эсе ставкасы |
| - алты айга чейинки мөөнөткө; | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
|  | он беш эсе ставкасы |
| - бир жылга чейинки мөөнөткө; | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
|  | жыйырма беш эсе ставкасы |
| - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик |  |
| чегарасынан бир нече жолу өтүү: |  |
|  |  |
| - үч айга чейинки мөөнөткө; | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
|  | он беш эсе ставкасы |
| - алты айга чейинки мөөнөткө; | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
|  | жыйырма эсе ставкасы |
| - бир жылга чейинки мөөнөткө; | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
|  | кырк эсе ставкасы |
| Кыргыз Республикасынын жарандары болуп | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
| саналбаган кыргыздар үчүн, Кыргыз | бир эсе ставкасы |
| Республикасынын мамлекеттик чегарасынан көп |  |
| жолу өтүү үчүн бир жылга чейин мөөнөткө; |  |
| з) Кыргыз Республикасына чакырууга уруксат | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
| жөнүндө документ берүү үчүн | он эсе ставкасы |
| Кыргыз Республикасынын жарандары болуп | эсептешүү көрсөткүчүнүн |
| саналбаган кыргыздар үчүн | бир эсе ставкасы |

".

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн нормативдик

актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
