# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 411
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12336/edition/327695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (17.09.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58550

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-сентябры № 411

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын

Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун колдонулуш мезгилинде аскердик объ-

екттерди (Антитеррористтик коалициянын аскердик контингентин) жайгашты-

руу үчүн берилген жердин бөлүгүн андан ары пайдалануудан Кыргыз Респуб-

ликасынын Коргоо министрлигинин баш тарткандыгына байланыштуу, Кыргыз

Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жер берүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 26-мартындагы № 165 токто-

муна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Но-

во-Павловка айылдык кењешинин 102,0 га сугат аянты жана Чүй облусунун

Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кењешинин 94,61 га жери, анын

ичинде 92,91 га жайыт, 0,4 га суу алдындагы, 0,8 га жол жана 0,5 га

башка жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай,

транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясы-

на которулсун".

2. "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жер берүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 216 ток-

томуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Но-

во-Павловка айылдык кењешинин 28,0 га сугат аянты "Айыл чарба багытын-

дагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу

жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.";

- 4-пункттун үчүнчү абзацы "берүү" деген сөздөн мурда "Кыргыз Рес-

публикасынын Коргоо министрлигине" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен бошогон жерлер

"Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"

категориясынан төмөнкү категорияларга которулсун.

- "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына - Чүй облусунун

Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кењешинин мелиоративдик даяр-

доо стадиясында турган 500,5 га жери 5 жылдык мөөнөткө айыл чарба өндү-

рүшүндө пайдаланууга жарактуу абалга келтирүү үчүн, анын ичинде 366 га

сугат аянты, 123,5 га кайрак жер, 11 га жайыт жер;

- "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына - Чүй облусунун

Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кењешинин 103,09 га жери, анын

ичинде 102,19 га жайыт, 0,1 га суу алдындагы жер, 0,3 га жол, 0,5 га

башка жерлер.".

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттары-

нын Коргоо министрлигинин ортосунда түзүлгөн жер участокторун ижаралоо-

нун № "SWD-112" жана № "SAS-OEF-302" келишимдерине өзгөртүүлөрдү кирги-

зүүнү камсыз кылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-

лүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
