# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12335/edition/327693/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (26.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58548

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 14-сентябры № 409

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Командировкага жиберилчү кызматкерлерди социалдык коргоону артты-

руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы №

635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тарти-

бин белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо кир-

гизилсин:

- 1-пунктунда:

"100 сом" деген цифра жана сөз "200 сом" деген цифрага жана сөзгө

алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Командировкалык сарптоолордун нормалары көбөйтүлгөнгө байланыштуу

кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер үчүн каралган каражаттардын че-

гинде төлөнөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы №

388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыла-

рына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна тө-

мөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.

3. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
