# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-сентябырындагы №403 "2007-жылга карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-сентябырындагы №403 "2007-жылга карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 403
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12329/edition/1141823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-сентябырындагы №403 "2007-жылга карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58542

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 10-сентябры № 403

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2007-жылга карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө

"2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүлөр сунуштал-

сын:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Со-

циалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бе- китилген көлөмдө чогултууну камсыз кылуу;

- пенсиялык төлөмдөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө каржылоону

камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар ми- нистрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалда- ры тарабынан пенсияларды төлөө боюнча милдеттемелердин аткарылышын да- йыма контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тапшыр- масы боюнча "Кыргыз почтасы" МИнин филиалдары пенсия жана башка социал- дык төлөмдөрдү төлөөдө келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы үчүн финансылык санкцияларды колдонуу;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чогулган өлчөмүндө өз убагында каржылоону ишке ашыруу;

- пенсиялык төлөмдөрдү каржылоо жөнүнде коомчулукка жалпыга маа-

лымдоо каражаттары аркылуу маалымат берип туруу;

- ар бир айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы минист-

рлигине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат берип туруу;

- "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кирешелер жана чыгашалар бо- юнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизүү.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүлөргө уруксат

берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген баада айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн эсебине буудай жана кумшекер кабыл алууга;

- төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебине банк мекемеле-

ринде акча каражаттарын алыш-бериш эсеби аркылуу максаттуу өткөрүү жолу менен, камсыздандыруу фондуларына кызмат (жумуш) көрсөткөн уюмдар менен өз ара эсептешүү жүргүзүүгө.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Социалдык фондуна 2007-жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттарды өз убагында толук өлчөмдө каржылоону камсыз кылсын, ошон- дой эле республикалык бюджеттен каржыланган уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын жойсун.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү мамлекеттик

социалдык камсыздандыруу боюнча каражаттарды толук жана өз убагында ко- торууну, жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын жоюуну камсыз кылышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлиги:

- Пенсиялык фонддун камсыздандыруу төлөөлөрүн почталык тейлөөгө

чыгымдын ченеми төлөө өлчөмүнөн 1,3 пайыз эсебинде белгиленсин;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-

гине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы тарабынан пенсиялык каражаттарды башка максаттарга пайдалануу жана жетпей калуу фактыларын, ошондой эле пенсияларды төлөө боюнча келишимдик милдеттенмелерди атка- рууда тартип бузууларды жоюу боюнча чараларды көрсүн.

6. Бул токтом "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-

нун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
