Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Карабак айылдык кеңешинин калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-сентябры № 397
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун
Баткен районундагы Карабак айылдык
кењешинин калктуу конуштарынын
аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Карабак
айылдык кењешинин аймагында жашаган тургундарынын социалдык маселелерин
чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана
20-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администра-
циясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республика-
лык комиссия менен макулдашылган, Баткен облусунун Баткен районундагы
Карабак айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн
аянты 60,5 га жер участогун берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын
ичинде:
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 12,0 га сугат ай-
доосу;
- калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн арналган жеринен 8,5 га сугат
айдоосу;
- 40,0 га жайыттары.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-
гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына
которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администра-
циясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторуна жалпы пайда-
лануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, социалдык-мада-
ний багыттагы объектилерди жана инженердик коммуникацияларды жайгашты-
рууну эске алуу менен курулуш курууга шаар куруу документтерин иштеп
чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2000 · № 514
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон