# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 375 "Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 375 "Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 394
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12320/edition/327677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58533.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 375 "Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому (28.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58533

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 27-декабрындагы № 628 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 6-сентябры № 394

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1996-жылдын 12-августундагы № 375

"Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө"

токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-статьясынын 2-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы №

375 "Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй

толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Ун, нан жана нан азыктарын өндүрүү жана сатуу менен иш жүргүзгөн

чарбакер субъекттер үчүн кошумча наркка салыктын каттоо чеги 5000 мињ

сом өлчөмүндө белгиленсин.";

- 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

салык инспекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана

жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом 2007-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр А.Атамбаев
