Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-сентябры № 393
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Жогорку
квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды
аттестациялоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Жогорку квали-
фикациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо
жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 10-статьясына
ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-
публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасы-
нын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Жогорку
квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестация-
лоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасы-
нын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификация-
лоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берил-
син.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын тө-
рагасы (макулдашуу боюнча) бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши караган учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.