# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-сентябрындагы № 387 "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу жана "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-сентябрындагы № 387 "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу жана "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 387
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12314/edition/327668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-сентябрындагы № 387 "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу жана "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө" Токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58526

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 3-сентябры № 387

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен

жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча

кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

тууралуу жана "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын

кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам

көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун

кайра сурап алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган

чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган

чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 30-январындагы № 50 токтому менен Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилген "2005-жылдын 24-25-мартындагы

окуялардын кесепетинен жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү

боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кайра сурап

алынсын.

5. "2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган

чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 30-январындагы № 50 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын кесепетинен

жабыркаган чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү

боюнча кошумча чаралар жөнүндө

1-статья.

2005-жылдын 24-25-мартындагы уурдоолордун, талап-тоноолордун жана

тартипсиздиктердин убагында жабыркаган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

аныктаган тизмеде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттерге төмөнкүлөр белги-

ленсин:

- эсептелген салыктарды жана учурдагы төлөмдөрдү бюджетке төлөө

мөөнөтү ликвиддүү күрөөнү бербестен узартыла тургандыгы;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз-

дабастан, ошондой эле проценттерди жана пенияларды албастан аларды тө-

лөөнү кийинкиге жылдыруу же мөөнөтүн узартуу бериле тургандыгы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча

пенияларды, проценттерди жана айып санкцияларын албастан алардын мил-

деттүү камсыздандыруу чегерүүлөрүн төлөөсү боюнча кийинкиге жылдыруу

мөөнөтү бериле тургандыгы.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана

2008-жылдын 1-майына чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Президенти
