# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 378 "Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды кечүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 378 "Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды кечүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12305/edition/327657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 378 "Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды кечүү жөнүндө" Токтому (28.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58517

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 28-августу № 378

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз

Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча

карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда

республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар

боюнча карыздарды кечүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик администра-

циялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акы-

лар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча ка-

рыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюд-

жеттен алынган бюджеттик ссудалар боюнча карыздары 183,79 млн. сомду,

анын ичинде, 1996-жылы - 160,65 млн. сомду, 2003-2005-жылдарда - 23,14

млн. сомду түзгөндүгүн белгилейт.

Республиканын региондорундагы оор финансылык-экономикалык абалды

эске алып, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принцип-

тери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана

2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген 183,79 млн. сом

суммасындагы карыздары кечилсин, анын ичинде облустар жана республика-

лык маанидеги шаар боюнча:

Ош облусунуку - 73,05 млн. сом;

Ош шаарыныкы - 15,05 млн. сом;

Баткен облусунуку - 41,6 млн. сом;

Жалалабат облусунуку - 35,34 млн. сом;

Ысыккөл облусунуку - 5,85 млн. сом;

Нарын облусунуку - 1,7 млн. сом;

Талас облусунуку - 0,8 млн. сом;

Чүй облусунуку - 10,4 млн. сом.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине макулдашууга

жиберилсин.

3. Бул токтомдун 1-пункту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

менен макулдашылган учурдан тартып күчүнө кирээри белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-

нансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
