Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды кечүү жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 28-августу № 378
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча
карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда
республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар
боюнча карыздарды кечүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик администра-
циялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акы-
лар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча ка-
рыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюд-
жеттен алынган бюджеттик ссудалар боюнча карыздары 183,79 млн. сомду,
анын ичинде, 1996-жылы - 160,65 млн. сомду, 2003-2005-жылдарда - 23,14
млн. сомду түзгөндүгүн белгилейт.
Республиканын региондорундагы оор финансылык-экономикалык абалды
эске алып, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принцип-
тери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана
2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген 183,79 млн. сом
суммасындагы карыздары кечилсин, анын ичинде облустар жана республика-
лык маанидеги шаар боюнча:
Ош облусунуку - 73,05 млн. сом;
Ош шаарыныкы - 15,05 млн. сом;
Баткен облусунуку - 41,6 млн. сом;
Жалалабат облусунуку - 35,34 млн. сом;
Ысыккөл облусунуку - 5,85 млн. сом;
Нарын облусунуку - 1,7 млн. сом;
Талас облусунуку - 0,8 млн. сом;
Чүй облусунуку - 10,4 млн. сом.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине макулдашууга
жиберилсин.
3. Бул токтомдун 1-пункту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
менен макулдашылган учурдан тартып күчүнө кирээри белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.