# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 877 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 877 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12301/edition/327647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 877 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58513

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 27-августу № 374

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын

карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 877 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-

нин жана республиканын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк кредит-

тер жана бюджеттик ссудалар боюнча алынган карыз каражаттарды кайтаруу-

сун камсыз кылуу, ошондой эле шарттардын айрымдарын өзгөртүү жолу менен

аларды карыздык кризистен чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын карызын

реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жыл-

дын 24-декабрындагы № 877 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоолор киргизилсин:

- 1 -пункттун "а" пунктчасында:

"2007" деген цифралар "2010" деген цифраларга алмаштырылсын;

"Дүйнөлүк банктын" деген сөздөрдөн кийин "Эл аралык экономикалык

кызматташтык фондунун (Япония Өкмөтүнүн) кредити боюнча" деген сөздөр

менен толукталсын;

- "в)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"в) мурда эсептелген жана жоюлбаган проценттер жана айыптар боюнча

төлөөнү кийинкиге жылдырсын, мында аталган суммага заемдук каражаттарды

пайдалангандык үчүн проценттер эсептелбейт. Карыздын суммасын жоюуну

Жоюунун графигине ылайык карыздын негизги суммасын жоюу менен бирге

бирдей төлөмдөр менен жоюуну жүргүзсүн.";

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси 24-30-позициялары менен

тиркемеге ылайык толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лиги он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине

автотранспорт ишканаларынын негизги сумма, проценттер, айыптар боюнча

иш жүзүндөгү карызы жөнүндө маалымат берсин жана Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлиги менен карыздык милдеттенмелерди жана кредиттик ке-

лишимдерди кайра түзүү үчүн алардын өкүлдөрүнүн келишин камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте кредит

алган автотранспорт ишканалар менен келишимдерди ушул токтом менен бел-

гиленген кредит берүү шарттарынын өзгөртүлүшүн эске алуу менен эки ай-

лык мөөнөттүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-

циялар министрлиги менен автотранспорт ишканаларынын ортосунда тариз-

делген салыштыруу актыларына ылайык карыздын суммасына кайра түзүүнү

камсыздасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 7-августундагы

№ 374 токтомуна

тиркеме

"

| 24. | "Акталаавто" АКы | Бюджеттик ссуда |
| --- | --- | --- |
| 25. | "Кочкоравто" АКы | Бюджеттик ссуда |
| 26. | "Алайавтотранс" АКы | Бюджеттик ссуда |
| 27. | "Үчтерекунаа" АКы | Бюджеттик ссуда |
| 28. | Тогузторо районунун мамлекеттик | Бюджеттик ссуда |
|  | администрациясы |  |
| 29. | Чаткал районунун мамлекеттик | Бюджеттик ссуда |
|  | администрациясы |  |
| 30. | "ОшПАТП-1" АКы | KFW Германия банкы, |
|  |  | Дүйнөлүк банк, Түркиянын |
|  |  | экспорттук-импорттук банкы |

".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

жетекчиси - министр М.Исмаилов
