# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-майындагы № 260 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-майындагы № 260 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 373
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12300/edition/327646/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-майындагы № 260 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58512

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-августу № 373

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын

31-майындагы № 260 "Ишкердиктин айрым

түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"токтомуна

толуктоо киргизүү тууралуу

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо

киргизүү тууралуу" 2007-жылдын 28 апрелиндеги № 45 Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамына ылайык, опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоого,

курууга (тургузууга) жана иштетүүгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №

260 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү-

дөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Ишкердиктин айрым түрлөрүн ли-

цензиялоо жөнүндө жобонун II бөлүгү төмөнкүдөй редакциядагы 20-1-глава

менен толукталсын:

"20-1-глава. Опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо, куруу

(тургузуу) жана иштетүү менен байланышкан ишкердикти лицензиялоонун өз-

гөчөлүктөрү

1. Ишкердиктин лицензияланчу түрүнүн аталышы:

- опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо;

- опурталдуу өндүрүштүк объектилерди куруу (тургузуу);

- опурталдуу өндүрүштүк объектилерди иштетүү.

Ушул пунктка киргизилген өнөр жай коопсуздугу тармагындагы ишкер-

диктин түрлөрүндө опурталдуу өндүрүштүк объектилерди курууда, кењейтүү-

дө, реконструкциялоодо, техникалык жактан кайра жабдууда, консервация-

лоодо же жоюуда, ошондой эле опурталдуу өндүрүш объектилеринде пайдала-

нылчу техникалык түзүлүштөрдү жасоодо, монтаждоодо, техникалык диагнос-

тикалоодо, жөнгө салууда, тейлөөдө жана оњдоодо долбоорлоо, куруу жана

иштетүү жумуштары аткарылышы каралат.

2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча

мамлекеттик инспекция (Мамкентехкөзөмөл).

3. Лицензия генералдык болот жана аны башка бирөөгө берүүгө бол-

бойт.

4. Лицензиялар убактылуу болот, эки жылдан кем эмес убакытка бери-

лет (эки жылдан аз мөөнөткө - лицензия алуучунун арызы менен гана бери-

лет).

5. Лицензиялык кошумча талаптар:

а) опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоого байланышкан иш-

кердик үчүн:

- долбоорлоо боюнча нормативдик документтеринин болушу;

б) опурталдуу өндүрүштүк объектилерди курууга (тургузууга) байла-

нышкан ишкердик үчүн:

- долбоордук документтердин өнөр жайлык коопсуздугу боюнча экспер-

тизасынын оњ корутундусунун бар болушу;

- курууга автордук көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөн келишимдин бар

болушу;

в) опурталдуу өндүрүштүк объектилерди иштетүүгө байланышкан ишкер-

дик үчүн:

- иш өнөр жай коопсуздугунун талаптарына туура келген объектилерде

гана жүргүзүлүшү мүмкүн;

- опурталдуу өндүрүштүк объект иштетүүгө кабыл алынганы жөнүндө

актынын бар болушу;

- долбоордук документтердин өнөр жайлык коопсуздугу боюнча экспер-

тизанын оњ корутундусунун бар болушу;

- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын көчүрмөсү (геологи-

ялык чалгындоо жана кен иштери үчүн гана, лицензиянын көчүрмөсүн лицен-

зиар ишкердикке лицензия таризделген учурга карата ырасташы керек).

6. Квалификациялык экзамендерди берүү (аттестациялоо) тартибинин

өзгөчөлүктөрү: юридикалык жана жеке жактардын долбоорлоого катышкан же-

текчи кызматкерлери, башкы адистери, ошондой эле квалификациялык комис-

сияларынын мүчөлөрү аныкталган тартипте билимин текшерүүдөн өтүүгө тий-

иш.

7. Объектилерди экспертизалоо, текшерип кароо, жабдууларды диаг-

ностикалоо жана техникалык текшерүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

8. Лицензия берүүнүн акысы ушул Жобонун 9-главасында көрсөтүлгөн

тартипте төлөнөт.

9. Лицензия бериш үчүн кошумча документтер:

- тийиштүү уруксаты бар уюм берген, ишкердиктин суралып жаткан тү-

рүн жүргүзүү үчүн ишканадагы уюштуруучулук жана техникалык даярдыкка

экспертизанын оњ корутундусу;

- ишкердиктин билдирилген түрлөрү аткарылышын камсыздоочу жетекчи-

лер менен ишти аткаруучулардын бар экендигин жана алар квалификациялык

талаптарга (саны, кесибинин аталышы, разряды) туура келээрин ырастаган

документтер (дипломдор менен күбөлүктөрдүн (аттестаттардын, сертификат-

тардын) көчүрмөлөрү, инженердик-техникалык жетекчи кызматкерлердин

опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо, куруу (тургузуу) жана

иштетүү чөйрөсүндө иштегени жөнүндө маалыматтар,);

- техникалык түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулмалардын, тек-

шерип-өлчөөчү приборлордун жана коопсуздукту камсыздоочу приборлордун

бар экени жөнүндө маалыматтар, же аларды ижарага алгандык жөнүндө кели-

шимдин көчүрмөсү;

- адистештирилген уюм менен жабдууларды техникалык тейлөө жөнүндө

келишимдин көчүрмөсү (зарыл болсо);

- өнөр жайлык коопсуздук тармагында суралып жаткан ишкердиктин тү-

рүнүн жетекчилери жана аткаруучулары кошумча окутуудан жана аттестация-

дан өз убагында өтүшкөнү жөнүндө маалыматтар;

- уюштуруучулук түзүмү.

10. Лицензиар тапшырылган документтер менен материалдарды карап

чыгыш үчүн, арыз бергендин же адистердин кесиптик жана ишмердик сапат-

тарын текшерүү жана алар менен ањгемелешүү үчүн эксперттик комиссия тү-

зүүгө укуктуу.

11. Лицензиянын жарактуулугун токтотуу ушул Жободо белгиленген

тартипте жүргүзүлөт.

12. Лицензияны кайра алып коюу үчүн кошумча негиздер:

- уюмдун өзгөртүп уюштурулушу, жоюлушу же банкрот болушу;

- мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тараптан бир жылдын ичинде эки

жолу администрациялык санкция салынышы;

- кат жүзүндө берилген эскертүүдөн кийин лицензиянын иштөө шартта-

рын бир жылдын ичинде экинчи ирет аткарбай коюу.

13. Лицензиянын жарактуулугун токтотуунун башка негиздери:

- кат жүзүндөгү эскертүүдө же көрсөтмөдө белгиленген өнөр жайлык

коопсуздук боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын кайталап буз-

ган учурда, ошондой эле, эгерде опурталдуу өндүрүштүк объектиде болгон

кырсыкты же аварияны атайын териштирүү боюнча комиссия кырсыктын себеби

техникалык түзүлүштүн технологиялык же конструкциялык кемчилигинде, иш-

тетип жаткан персоналдын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү макулдашыл-

баган конструкциялык өзгөртүүлөрдө деп аныктаса;

- калктын жана кызматкерлердин коопсуздугуна жана ден соолугуна

анык коркунуч табылса жана лицензия алган жакка мындай коркунучту жоюу-

ну милдеттендирген лицензиардын чечимин лицензия алган жактын аткарбай

коюшу.".

2. Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-

даалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү

боюнча мамлекеттик инспекциядан опурталдуу өндүрүштүк объектилерди дол-

боорлоо жана иштетүү укугуна мурда алган уруксаттар аларда көрсөтүлгөн

мөөнөткө чейин жарайт, бирок 2009-жылдын 1-январына чейин гана жарактуу

экени белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө

кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-

төлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
