# (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 311 токтомуна тиркеме) " Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 311 токтомуна тиркеме) " Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2386/edition/359748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 311 токтомуна тиркеме) " Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО (07.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58510

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 7-августундагы

№ 311 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды

өнүктүрүү боюнча кењеш жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кењеш министрликтердин,

мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу

бийлигинин башка органдарынын, ошондой эле нанотехнологиялар жагындагы

башка органдар менен мекемелердин ишин координациялоочу орган болуп са-

налат.

2. Кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актыларын жана ушул Жобону же-

текчиликке алат.

3. Нанотехнология - бул объекттердин касиеттерин иликтөөчү жана

өлчөмү нанометрдик (10(-7)-10 (-9 м) жабдууларды иштеп чыгуу жагындагы

колдонмо илим жана техника тармагы.

II. Негизги максаты

Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүүгө көмөк көр-

сөтүү.

III. Милдеттери жана функциялары

3. Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча

кењештин негизги милдеттери болуп нанотехнологияны пайдалануу менен

илимдин жана өндүрүштүн жетишкендиктеринин негизинде Кыргыз Республика-

сынын туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн негизги багытта-

рын иштеп чыгуу, аныктоо жана колдоо болуп саналат.

4. Кењештин функцияларына төмөнкүлөр кирет:

- бюджеттик жана башка каржылоо үчүн нанотехнологияларды

өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо;

- нанотехнологиялар, заманбап технологияларды өнүктүрүү жана алар-

ды колдонуу жагында мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарын анык-

тоо жана иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо;

- региондук ведомстволук наноборборлорду түзүү жана өнүктүрүү бо-

юнча иштерди координациялоо, алардын Кыргыз Республикасынын нанотехно-

логиялык бирдиктүү мейкиндигинде шайкештүүлүгүн жана өзара аракет-

тенүүсүн камсыз кылуу;

- улуттук маалыматтык ресурстарды калыптандыруу, нанотехнология

боюнча изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык

багыттарды аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын нанотехнология жагындагы эл аралык прог-

раммаларга жана долбоорлорго катышуусуна көмөк көрсөтүү.

IV. Кењештин укуктары

5. Кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:

- өз ишин ага жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык жүр-

гүзүүгө;

- өз компетенциясынын чегинде тийиштүү органдардан маалымат суроо-

го жана алууга;

- өзүнүн жыйындарына мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчиле-

рин жана башка таламдаш жактарды чакырууга;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн нанотехнологияларды жана ин-

новациялык технологияларды өнүктүрүү маселеси боюнча тийиштүү сунуштар-

ды даярдоого;

- болгон маселелер боюнча тийиштүү сунуштарды жана рекомендация-

ларды даярдоо үчүн адистерди тартууга жана убактылуу жумушчу топторду

түзүүгө;

- жумушчу топтордун отчетгорун угууга жана бекитүүгө.

V. Кењештин ишин уюштуруу

6. Кењеш зарылчылыгына жараша бирок жарым жылда бир жолудан кем

эмес чакырылат.

7. Кењештин жыйынын төрага же анын тапшыруусу боюнча биринчи орун-

басары, ал эми ал да жок болсо төраганын орунбасарларынын бири өткөрөт.

Кењештин жыйыны эгерде анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиден кем

эмеси катышса укуктуу болуп саналат. Чечим жыйынга катышкан мүчөлөрдүн

жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8. Кењештин чечими тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын даярдоо үчүн негиз болуп сана-

лат.

9. Кењештин жумушчу органы болуп Россия Федерациясынын Биринчи

Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин на-

нотехнологиялар борбору саналат.

10. Кењештин жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү, ошондой эле анын

учурдагы иштерин Кењештин жооптуу катчысы жүргүзөт.
