# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12297/edition/970593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58502

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-августу № 370

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомунун редакциясына ылайык) Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы мамлекеттик

менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча

комиссиянын курамын кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада

жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук

мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Курорттук-рекреациялык зонадагы, мамлекеттик менчикте турган

жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ку-

рамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Комиссиянын иш-аракети Ысыккөл облусунун мамлекеттик администраци-

ясынын аппараты тарабынан камсыздалаары белгиленсин.".

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр А.Атамбаев
