# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 369
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12296/edition/358930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (19.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58501

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-августу № 369

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу

(2010-жылдын 19-февралындагы №108 токтомунун редакциясына ылайык)

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо

киргизүү тууралуу" 2007-жылдын 28 апрелиндеги № 45 Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы №

103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү та-

рабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жө-

нүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнча

мамлекеттик инспекция (Мамкентехкөзөмөл)" бөлүмүндөгү 1 жана 4-пункттар

алып салынсын.

2. (2010-жылдын 19-февралындагы №108 токтомунун редакциясына ылайык

күчүн жоготту)

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
