# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 368
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/58500/edition/327634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө"токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58500

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-августу № 368

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык

пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн

эрежесин бекитүү жөнүндө

Пиротехникалык буюмдарды сатып алууда жана пайдаланууда калктын

коопсуздугун камсыздоо үчүн шарттарды түзүү, аларды сатууну тартипке

салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехни-

калык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежеси бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- пиротехникалык буюмдар адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана са-

тылат;

- пиротехникалык буюмдарды пайдаланууга Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында аныкталган майрам күндөрдөн башкасында саат 23 кө чейин

гана уруксат.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызыкдар министр-

ликтер жана ведомстволор менен бирдикте пиротехникалык буюмдарды тара-

туу боюнча иштеген юридикалык жактардын жана жеке адамдардын материал-

дык-техникалык базасын текшерүү боюнча иш жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө

каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгына алынып келүүчү пиротехни-

калык буюмдардын өрткө опурталдуулук касиеттери улуттук стандарттардын

талаптарына ылайыктыгын жана алардын классификациясын аныктоо тапшырыл-

сын.

5 Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери

жана администрациялык ведомстволору өздөрүнүн нормативдик укуктук акты-

ларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

6. Бул токтом жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ич-

ки иштер министрлигине тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
