# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12290/edition/381357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" Токтому (01.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58495

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-августу № 363

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарын

медициналык-санитардык жардам менен

камсыздоо боюнча мамлекеттик

гарантиялар программасы жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген жана кењири

сектордук ыкма менен ишке ашырылып жаткан Кыргыз Республикасынын сала-

маттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улут-

тук программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламат-

тыкты сактоого укуктарын камсыздоо жана калктын медициналык тейлөөгө

жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, калктын социалдык аялуу топторун социалдык

коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам

менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы;

- 2007-жылы Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медицина-

лык-санитардык жардамды акысыз жана жењилдетилген шартта алууга укукта-

ры бар жарандардын категорияларынын тизмеги;

- 2007-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык

сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү стационардык дарылануунун медициналык

кызматына кошумча төлөм өлчөмдөрү;

- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмда-

рында көрсөтүлүүчү медициналык кызмат үчүн кошумча төлөө жөнүндө жобо;

- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмда-

рынын атайын каражаттары жөнүндө жобо.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Бишкек шаарынын мэ-

риясы 2007-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин "Саламат-

тык сактоо" бөлүмү боюнча толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз

Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз-

доо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасын аткаруунун механизмде-

рин эки айдын ичинде иштеп чыгууну камсыздасын.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы №

100 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам

көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө"

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарына медицина-

лык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялары

жана 2006-жылга стационардык дарыланууда кошумча төлөө өлчөмдөрү ушул

токтом күчүнө киргенге чейин колдонулат;

- бул токтомдун 1-пунктунун төртүнчү абзацы кошо төлөөнүн

2008-жылга карата өлчөмдөрү бекитилгенге чейин жарактуу болот.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-августундагы

№ 363 токтому менен

бекитилген

2007-жылы Мамлекеттик гарантиялар программасы

боюнча медициналык-санитардык жардамды акысыз

жана жењилдетилген шартта алууга укуктары бар

жарандардын категорияларынын

ТИЗМЕГИ

## I бөлүм

Амбулаториялык дењгээлде жана стационарларда медициналык-санитар-

дык кызматты акысыз алууга социалдык статусу боюнча укугу бар жарандар-

дын категориялары:

- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары;

- Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуясынын майыптары;

- эл аралык терроризмге каршы аскердик кагылышууларда жабыркаган

жана майып болгон адамдар;

- Улуу Ата-мекендик согушта тылда күжүрмөн эмгеги жана кемтиксиз

аскердик кызматы үчүн СССРдин орден-медалдары менен сыйланган адамдар;

- Концлагерлердин мурдагы туткундары;

- Ленинград шаарынын блокадасында болгон адамдар;

- "Баатыр эне" ордени менен сыйлангандар;

- Улуу Ата-мекендик согуш жылдарында жумуш колонналарына (эмгек

армиясына) мыйзамсыз зордоп мобилизацияланып, кийин реабилитацияланган

жарандар;

- Советтер Союзунун баатырлары, Дањк орденинин 3 даражасы менен

сыйланган адамдар;

- Социалисттик эмгектин Баатырлары;

- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмачылык даражасы

ыйгарылган адамдар жана 1 даражадагы "Манас" ордени менен сыйлангандар;

- башка мамлекеттердин аймагында болгон согуштарга катышкандар;

- Чернобыль АЭСинин авариясынан жапа чеккен адамдар (радиациялык

авариялардын кесепетинен пайда болгон оорулар менен ооруган адамдар;

1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюн-

ча иштерге катышкан адамдар, ошондой эле чернобыль кырсыгынан майыптыгы

болгон себептүү байланышы аныкталган майыптарга; 1988-1989-жылдары Чер-

нобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан

адамдар; Чернобыль АЭСинин авариясын жоюуда каза тапкандардын үй-бүлө-

лөрү жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттеринен болгон оорулар-

дан каза тапкан адамдар; Кыргыз Республикасына четтетүү зонасынан эва-

куацияланган (өз ыктыяры менен келген) же көчүрүп келинген адамдар,

ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары көчүрүү зонасынан өз

ыктыяры менен келген адамдар; Чернобыль авариясынан кийин көчүрүү укугу

менен жашаган жеринен Кыргыз Республикасына өз ыктыяры менен келгендер;

көчүрүү зонасында, көчүрүп укугу менен жашаган жеринде кызмат өтөгөн

ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы аскер кызматчылары; Кыр-

гыз Республикасына четтетүү, көчүрүү жана көчүрүү укугу менен жашаган

жеринен эвакуацияланган жана көчүп келген 18 жашка чейинки балдар жана

өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуация учурунда эне ичиндеги төрөлө элек

балдар, ошондой эле жогоруда аталган жарандардын биринчи жана кийинки

муундардагы балдары);

- аскердик кызмат милдетин аткарууда жаракат алып майып болгондор;

- эмгек майыптыгынын, кесиптик жана жалпы оорунун кесепетинен

I-жана II-топтогу майыптар;

- кулагы укпаган жана көзү көрбөгөн майыптар;

- бала чагынан I-жана II-топтогу майыптар;

- 18 жашка чейинки майып балдар;

- 5 жашка чейинки балдар (4 жаш 11 ай 29 күн);

- мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (багып

алган үй-бүлөдө) жана жетим балдар үчүн интернаттарда жашаган, ата-эне-

синин камкордугун көрбөгөн жетим балдар;

- карылар үйлөрүндө жана интернаттарда жашаган адамдар;

- амбулаториялык дењгээлде медициналык текшерүүгө же стационардык

шартта дарыланууга аскердик-врачтык комиссиялар тарабынан жиберилген

анык аскердик кызматка чакырылган жарандар;

- ведомстволук медициналык мекемелерде квалификациялуу медициналык

жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда мөөнөттүү кызматтагы ас-

кер кызматчылары;

- ВИЧ/СПИД менен ооруган адамдар СПИДге каршы күрөшүү боюнча Гло-

балдык фонддун алкагында;

- 4 жана андан бойго жете элек балдары бар көп балалуу үй-бүлөдөгү

16 жашка чейинки балдар (социалдык коргоо органдарынан жана айыл өкмө-

түнүн социалдык кызматкеринен маалымкат көрсөткөндө);

- 75 жаштан кары пенсионерлер.

## II бөлүм

Амбулаториялык дењгээлде, стационарда негизги оорусу жана клиника-

лык көрсөткүчтөрү боюнча Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча ме-

дициналык-санитардык кызматты акысыз алууга укугу бар калктын категори-

ялары:

- кош бойлуулугу боюнча каттоого турган аялдар;

- стационардык дарыланууда кош бойлуулугунун патологиясы менен

келген аялдар (негизги диагнозу боюнча);

- социалдык жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча боюнан алдырууга

келген аялдар;

- төрөткө келген аялдар;

- төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде кошумча оорулары пайда болгон

аялдар;

- жүрөктүн инфаркт оорусу катуу кармаган бейтаптар (биринчи 2 ай-

да);

- кургак учук менен ооругандар;

- бронханын астма менен ооругандар;

- терминалдык стадиядагы онкологиялык бейтаптар;

- тубаса котон жара менен ооругандар жана котон жара менен ооруган

18 жашка чейинки бейтаптар;

- психикалык оорулар менен ооругандар (параноялык шизофрения, өнө-

көт жөөлүү бузулуштар, ар кандай генездеги аффективдүү бузулуштар);

- талма менен ооругандар;

- кант диабети менен ооругандар;

- кантсыз диабети менен ооругандар;

- поствакциналык оорулар менен ооругандар;

- чума менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон адамдар;

- холера менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон адам-

дар;

- ич келте менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон

адамдар;

- кара келте менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон

адамдар;

- күйдүргү менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон

адамдар;

- кутурма менен ооругандар менен байланышта болуп жуктуруу мүмкүн-

чүлүгү бар адамдар;

- менингококк менингити менен ооругандар;

- дифтерия менен ооругандар;

- гемофилия менен ооругандар;

- саламаттык сактоонун пенитенциардык мекемелеринде медициналык

жардам көрсөтүү мүмкүн болбогондо пациенттин өмүрүнө коркунуч туудурган

кечиктирилгис абалдагы соттун өкүмү боюнча жаза тарткан адамдар жана

алдын ала тергөөдө жүргөн адамдар.

## III бөлүм

Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык-санитардык

жардамды алууда айрым жењилдиктерге укуктары бар калктын категориялары:

1. Стационарда

1.1. дарылоонун бекитилген орточо наркынын 85-90 процент өлчөмүндө

кайтарылып берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

- артифициалдуу абортко кош бойлуулугун жасалма ыкма менен алып

салуу боюнча ооруканага түшкөн аялдар;

- катуу кармаган бруцеллез менен ооругандар;

- 75 жашка чейинки курактагы пенсионерлер;

- социалдык пособие алган адамдар;

- безгек менен ооругандар;

- сарыктын оор түрү менен ооругандар;

1.2. дарылоонун бекитилген орточо наркынын 75 процент өлчөмүнө

чейин кайтарылып берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

- иштеген мекемесинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм

төлөөчү жарандар;

- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү окуу жай-

ларында окуган окуучулар - окууну бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка толо

элек);

- айыл чарбада эмгектенип милдеттүү медициналык камсыздандырууга

төгүм төлөгөн адамдар;

- милдетүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча төлөгөн

адамдар.

- күндүз окуган баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто

жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери 21 жаш курагына чык-

канга чейин;

2. Амбулаториялык дењгээлде баалардын Прейскуранты боюнча медици-

налык кызматтын наркынын 50% өлчөмүндө кайтарылып берүүгө төмөнкүлөр

укуктуу:

- иштеген мекемесинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм

төлөөчү жарандар;

- 75 жашка чейинки пенсионерлер;

- социалдык пособие алган адамдар;

- 5 жаштан 16-жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү окуу жай-

ларында окуган окуучулар - окууну бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка толо

элек);

- айыл чарбада эмгектенип милдеттүү медициналык камсыздандырууга

төгүм төлөгөн адамдар;

- милдетүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча төлөгөн

адамдар.

- баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку

кесиптик окуу жайларынын күндүз окуган студенттери 21 жаш курагына чык-

канга чейин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-августундагы

№ 363 токтому менен

бекитилген

2007-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында

иштеген саламаттык сактоо уюмдарында

көрсөтүлүүчү стационардык дарылануунун

медициналык кызматына кошумча

төлөм өлчөмдөрү

(сом менен)

| Региондун | Терапиялык ооруларда, аз | Хирургиялык ооруларда |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| аталышы | чыгымдуу хирургиялык жана | жана операция жасоодо |  |  |  |  |  |  |
|  | гинекологиялык операцияла- | (сом) |  |  |  |  |  |  |
|  | рда жана манипуляцияларда, |  |  |  |  |  |  |  |
|  | операция жүргүзүүсүз |  |  |  |  |  |  |  |
|  | хирургиялык ооруларда |  |  |  |  |  |  |  |
|  | 85-90% | 75% | Жењил- | Жол- | 85-90% | 75% | Жењи- | Жол- |
|  | өлчөм- | өлчөм- | диктер | домо- | өлчөм- | өлчөм- | лдик- | домо- |
|  | үндө | дө | ге | мосу | үндө | дө | терге | мосу |
|  | айрым | айрым | укукта | жок | айрым | айрым | укук- | жок |
|  | жењил- | жењил- | ры жок |  | жењил- | жењил- | тары |  |
|  | дикте- | дикте- | адам- |  | терге | терге | жок |  |
|  | рге | рге | дар |  | укукта- | укук- | адам- |  |
|  | укук- | укук- |  |  | ры бар | тары | дар |  |
|  | тары | тары |  |  | адамдар | бар |  |  |
|  | бар | бар |  |  |  | адам- |  |  |
|  | адам- | адам- |  |  |  | дар |  |  |
|  | дар |  |  |  |  |  |  |  |
| Бишкек | 200 | 690 | 970 | 2250 | 260 | 900 | 1260 | 2920 |
| шаарынын |  |  |  |  |  |  |  |  |
| аймагында |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жайгашкан |  |  |  |  |  |  |  |  |
| саламаттык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сактоо |  |  |  |  |  |  |  |  |
| мекемелери, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| госпиталды, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Кардиология |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жана терапия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борборун, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| хирургия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борборун, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| педиатрия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жана балдар |  |  |  |  |  |  |  |  |
| хирургиясы |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борборун, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Республикалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| клиникалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| инфекциялык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| ооруканасын, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| республикалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| теривендиспан- |  |  |  |  |  |  |  |  |
| серин, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Республикалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| наркология |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борборун, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Кыргыз темир |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жол башкарма- |  |  |  |  |  |  |  |  |
| лыгынын |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жолчулар |  |  |  |  |  |  |  |  |
| ооруканасын, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Бишкек |  |  |  |  |  |  |  |  |
| травматология |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жана ортопедия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| илим-изилдөө |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борборун |  |  |  |  |  |  |  |  |
| кошпогондо |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Бишкек | 200 | 830 | 1110 | 2270 | 260 | 1080 | 1440 | 2950 |
| шаарынын |  |  |  |  |  |  |  |  |
| аймагында |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жайгашкан |  |  |  |  |  |  |  |  |
| республикалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| саламаттык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сактоо |  |  |  |  |  |  |  |  |
| мекемелери |  |  |  |  |  |  |  |  |
| (Улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Госпиталь, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Кардиология |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жана терапия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борбору, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| хирургия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борбору, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Улуттук |  |  |  |  |  |  |  |  |
| педиатрия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жана |  |  |  |  |  |  |  |  |
| балдар |  |  |  |  |  |  |  |  |
| хирургиясы |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борбору, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Республикалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| клиникалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| инфекциялык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| ооруканасы, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| республикалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| теривендиспан- |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сери, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Республикалык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| наркология |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борбору, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Кыргыз темир |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жол башкар- |  |  |  |  |  |  |  |  |
| малыгынын |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жолчулар |  |  |  |  |  |  |  |  |
| ооруканасы, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Бишкек |  |  |  |  |  |  |  |  |
| травматология |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жана ортопедия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| илим-изилдөө |  |  |  |  |  |  |  |  |
| борбору) |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Чүй жана | 200 | 600 | 870 | 1910 | 260 | 780 | 1130 | 2480 |
| Ысыккөл |  |  |  |  |  |  |  |  |
| облустарынын |  |  |  |  |  |  |  |  |
| саламаттык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сактоо уюмдары |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Ош облусунун | 200 | 430 | 710 | 1700 | 260 | 560 | 920 | 2210 |
| аймагында |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жайгашкан |  |  |  |  |  |  |  |  |
| саламаттык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сактоо |  |  |  |  |  |  |  |  |
| уюмдары, Ош |  |  |  |  |  |  |  |  |
| шаарында |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жайгашкан |  |  |  |  |  |  |  |  |
| стационарларды |  |  |  |  |  |  |  |  |
| кошпогондо |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Жалалабат | 200 | 500 | 780 | 1740 | 260 | 650 | 1020 | 2260 |
| облусунун жана |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Ош шаарынын |  |  |  |  |  |  |  |  |
| аймагында |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жайгашкан |  |  |  |  |  |  |  |  |
| саламаттык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сактоо уюмдары |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Баткен | 200 | 430 | 710 | 1760 | 260 | 560 | 920 | 2280 |
| облусунун |  |  |  |  |  |  |  |  |
| саламаттык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сактоо уюмдары |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Нарын жана | 200 | 530 | 800 | 1870 | 260 | 690 | 1040 | 2430 |
| Талас |  |  |  |  |  |  |  |  |
| облустарынын |  |  |  |  |  |  |  |  |
| саламаттык |  |  |  |  |  |  |  |  |
| сактоо уюмдары |  |  |  |  |  |  |  |  |

Эскертүү: Пациенттер таблицада көрсөтүлгөн белгиленген өлчөмдөрдө

кошумча төлөшөт, ал дарылануунун иш жүзүндөгү наркына жараша болбойт.
