# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-августундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-августундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12274/edition/327607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-августундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58479

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 18-августу № 347

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин

Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

14-июнундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Бажы бирлиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндө

1999-жылдын 26-февралындагы келишимдин, бажы кызматкерлерин даярдоо жа-

на квалификациясын жогорулатуу жагындагы кызматташтык жөнүндө 1994-жыл-

дын 23-ноябрындагы көп тараптуу ведомстволор аралык макулдашуунун жобо-

лорун ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын бажы

органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

56-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын

өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтому менен бекитилген Кыр-

гыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктү-

рүү фонду жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- "в)" пунктчасындагы "окуу жайларда окутуу" деген сөздөр алып са-

лынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы "ж)" пунктчасы менен толукталсын:

"ж) Кыргыз Республикасынын бажы кызматы кол койгон эл аралык ма-

кулдашуулардын чектеринде Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары окуу

жайларда окуган кызматкерлер үчүн зачетторду, экзамендерди тапшыруу,

дипломдук ишти даярдоо жана коргоо мезгилинде жол кирени, суткалык сар-

птоолорду төлөп берүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо менен.".

Премьер-министр А.Атамбаев
