# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 340
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12267/edition/368614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери жөнүндө" Токтому (17.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58472

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-августу № 340

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

патент кызматынын маселелери

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу чаралары туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы №

96 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жөнүндө тир-

келген жобо жана башкаруу схемасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын иш-

мердүүлүгү өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырыла тургандыгы белги-

ленсин. Каржылоо интеллектуалдык менчик объектилерин бергендиги, экс-

пертиза жүргүзгөндүгү жана каттагандыгы, ошондой эле коргогондугу үчүн

ата-мекендик жана чет өлкөлүк билдирүүчүлөрдөн түшүүчү патенттик алым-

дар жана жыйымдардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын ишмердүүлүгү тар-

мактык илимий мекемелерди илимий тейлөөгө тењештирилсин.

4. Республиканын тармактык илимий мекемелеринин илим жана илимий

жактан тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысына 1,8ге чейинки коэффициент

белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы эки айлык

мөөнөт ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн ушул токтомуна ылайык келтирсин.

6. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы № 100

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык

менчик боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 75

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча

мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июлундагы № 533

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча

мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн 2006 жылдын 8-февралындагы № 75 токтомуна толуктоо киргизүү жө-

нүндө" токтому;

- "Интеллектуалдык менчик тармагындагы укук бузууларга каршы ара-

кеттенүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 695 токтомунун 2-пункту.

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 17-августундагы

№ 340 токтому менен

бекитилди

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

патент кызматынын башкаруу

СХЕМАСЫ

(2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясына ылайык)

| Коллегия | \--- | Торага | \--- | Апелляциялык кењеш |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| \---------- | Статс-секретарь |  | Авторлор кењеши |  |
| Директордун орунбасары |  | Чектеш укуктар ээлеринин |  |  |
| \------------------------ | кењеши |  |  |  |
|  | Ойлоп табуучулар кењеши |  |  |  |
| Борбордук аппарат |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |
| Интеллектуалдык менчик |  | Мамлекеттик патенттик- |  |  |
| мамлекеттик фондусу |  | техникалык китепкана |  |  |
