# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 339
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12266/edition/327596/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (17.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58471

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-августу № 339

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

22-июлундагы № 488 "Автордук укук жана чектеш

укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук

сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө"

токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488

"Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автор-

дук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй

өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн ав-

тордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:

- 4 пунктун "в)" пунктчасынын "үн жазуу студиялары" деген сөздөр

", уюлдук телефондор (рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыњгы-

роо обондорун таратуучулар" деген сөздөр менен толукталсын;

Аталган Жобонун № 3 тиркемесинде:

- тиркеменин аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин уюлдук телефондор

(рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыњгыроо обондору формасын-

да үн- жана видеожазуу (фонограммалар жана видеофильмдер) жолу менен

кайра чыгаруу жана жайылтуу үчүн, үн- жана видеожазуу (фонограммалар

жана видеофильмдер) нускаларын жана прокатка берилүүчү компьютердик

программаларга интерактивдүү типтеги ("мультимедиа") программаларды бе-

рүү үчүн автордук сый акылардын чендери";

- төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"

| 3. | Автордук укук жана чектеш укуктар | 10 - чыгармаларды |
| --- | --- | --- |
|  | объектилерин уюлдук телефондор | таратуунун ар бир учуру |
|  | (рингтондор, ринбэктондор, | үчүн берүү баасынан |
|  | реалтондор) үчүн шыњгыроо |  |
|  | обондору формасында жайылтуу |  |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
