Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 „Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 17-августу № 339
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
22-июлундагы № 488 "Автордук укук жана чектеш
укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук
сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488
"Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автор-
дук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй
өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн ав-
тордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:
- 4 пунктун "в)" пунктчасынын "үн жазуу студиялары" деген сөздөр
", уюлдук телефондор (рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыњгы-
роо обондорун таратуучулар" деген сөздөр менен толукталсын;
Аталган Жобонун № 3 тиркемесинде:
- тиркеменин аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин уюлдук телефондор
(рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыњгыроо обондору формасын-
да үн- жана видеожазуу (фонограммалар жана видеофильмдер) жолу менен
кайра чыгаруу жана жайылтуу үчүн, үн- жана видеожазуу (фонограммалар
жана видеофильмдер) нускаларын жана прокатка берилүүчү компьютердик
программаларга интерактивдүү типтеги ("мультимедиа") программаларды бе-
рүү үчүн автордук сый акылардын чендери";
- төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"
| 3. | Автордук укук жана чектеш укуктар | 10 - чыгармаларды |
| объектилерин уюлдук телефондор | таратуунун ар бир учуру | |
| (рингтондор, ринбэктондор, | үчүн берүү баасынан | |
| реалтондор) үчүн шыњгыроо | ||
| обондору формасында жайылтуу |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства от 22 июля 2002 года №488 " О минимальных ставках авторского вознаграждения за использование объектов авторского права и смежных прав"Постановление · 22.07.2002 · № 488
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
- Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын…Положение · 22.07.2002 · № 488