# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 336 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 336 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 336
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12263/edition/409365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 336 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө" Токтому (04.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58468

---

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 15-августу № 336

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жер казынасын пайдаланууну

лицензиялоонун тартиби жөнүндө

Жер казынасын пайдаланууга укуктарды лицензиялоо системасын

өркүндөтүү максатында жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби

жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-июнундагы № 338

"Кыргыз Республикасында жер байлыктарын пайдаланууну жана жапырт жайыл-

ган пайдалуу майда кендерди пайдаланууну лицензиялоо жөнүндө" токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан 15

күндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр А.Атамбаев
