# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы № 332 "Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы № 332 "Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 332
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12259/edition/327589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы № 332 "Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу жөнүндө"токтому (13.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58464

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 13-августу № 332

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык

камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик со-

циалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тариф-

тери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна айылдык товар өндүрүү-

чүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

взносторун жыйноо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тар-

тууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жергиликтүү өз алдын-

ча башкаруу органдарын айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик соци-

алдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого тартуусу

келишимдик негизде ишке ашырылары белгиленсин.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айылдык товар өндү-

рүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

взносторун жыйноого кызмат көрсөткөнү үчүн акы иш жүзүндө жыйналган

камсыздандыруу взносторунун көлөмүнүн 3 проценти өлчөмдө белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз Республикасынын

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги ме-

нен бирдикте Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык кам-

сыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноо үчүн жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарын тартуунун тартиби жөнүндө нускаманы жана

типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
