Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-августу № 332
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык
камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик со-
циалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тариф-
тери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна айылдык товар өндүрүү-
чүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
взносторун жыйноо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тар-
тууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдарын айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик соци-
алдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого тартуусу
келишимдик негизде ишке ашырылары белгиленсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айылдык товар өндү-
рүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
взносторун жыйноого кызмат көрсөткөнү үчүн акы иш жүзүндө жыйналган
камсыздандыруу взносторунун көлөмүнүн 3 проценти өлчөмдө белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз Республикасынын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги ме-
нен бирдикте Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык кам-
сыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноо үчүн жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарын тартуунун тартиби жөнүндө нускаманы жана
типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ СОЦФОНДА КР от 29 мая 2008 года N 69 "Об утверждении Инструкции "О порядке организации сбора страховых взносов от сельских товаропроизводителей с…Постановление · 29.05.2008 · № 69 · Күчүн жоготкон