# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы N 331 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы N 331 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 331
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12258/edition/327587/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58463.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы N 331 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58463

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 13-августу N 331

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык

санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды

реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жа-

на кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

три, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик

комитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-

тетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде аталган мый-

зам долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдө-

рү болуп дайындалсын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58

токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы N

646 токтому менен демилге кылынган "Чегерилген пайыздар, пенялар, кар-

жылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды рес-

труктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы N

646 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана

кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп

табылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Чегерилген пайыздар, пенялар, финансылык, айыптык

санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды

реструктуризациялоо жөнүндө

Салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу

жана колдоо көрсөтүү, салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча чегерилген

пайыздар, пенялар, финансылык, айыптык санкциялар боюнча карыздарды,

ошондой эле кайтарылгыс карыздарды кечип жиберүү аркылуу бюджеттин ал-

дындагы карыздарды алда-канча толук тындырууга түрткү берүү ушул Мый-

замдын максаты болуп саналат.

1-статья. Жалпы жоболор

1. Юридикалык жана жеке жактардын карыздары кайра структуралашты-

рууга жатат.

2. Ушул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

карызды реструктуризациялоо - төлөө мөөнөттөрүн узартуу же карызды

жарым-жартылай кечип жиберүү;

пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясына

жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248, 260-статьяларына ылай-

ык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттөрдө,

өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн чегерилген суммалар;

пеня - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-статьясына ылай-

ык аныкталган акчалай сумма, аны салык төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөбө-

гөндүгү үчүн төлөөгө милдеттүү болот;

финансылык жана айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын салык

жана бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн чегерилген суммалар;

карыз - бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктар, бажылык алымдар

жана алар боюнча чегерилген пайыздар, пенялар, финансылык жана айыптык

санкциялар;

реструктуризациялануучу карыз - 2007-жылдын 1-январына карата

алынган абал боюнча орун алган жана ушул Мыйзамдын 2-статьясында карал-

ган тартипте тындырылбаган пайыздар, пенялар, финансылык жана айыптык

санкциялар боюнча карызды толук же жарым-жартылай кечип жиберүү;

кайтарылгыс карыз - юридикалык жана жеке жактардын экономикалык,

социалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүн

болбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажы

жана салык алымдары боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)

жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган тындыруу боюнча милдеттенме;

2-статья. Карызды реструктуризациялоонун тартиби

1. Салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча

карызды тындырган салык төлөөчүгө төмөнкүдөй тартипте пайыздары, финан-

сы жана айып санкциялары эсептен чыгарылат:

а) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинки

айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары

-100 пайызга;

б) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин-

ки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкцияла-

ры - 80 пайызга;

в) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кий-

инки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкция-

лары - 50 пайызга.

2. 2007-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жа-

на утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, фи-

нансы жана айып санкциялары ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасында

аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.

3. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган

кайра структуралаштыруудан кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-

нин 46-статьясынын талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартууга укуктуу.

4. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган бир

жолку гана кечүү жана ушул статьянын 3-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүн

бир жолку узартуу укугунан пайдаланат.

5. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча реструк-

туризациялануучу карызды тындыруу мөөнөтү болуп казыналыктын региондук

бөлүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет.

6. Реструктуризациялануучу карызды тындыруу максатында ашыкча тө-

лөөнүн суммасына КНСтин нөлдүк чени менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайда

болгон ашыкча төлөө киргизилбейт.

7. Салык төлөөчүнүн карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөй

пайдаланылат: айрым салыктар боюнча карыз тындырылат, анан ошол карыз

боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын ченде-

рин жөнгө салуучу жана аларды администрлөөнүн дагы башка мыйзам актыла-

рынын талаптарына ылайык кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкцияла-

ры боюнча карыз тындырылат.

3-статья. Атайын жоболор

Төмөндөгүлөрдүн карыздары реструктуризацияланбайт:

- өз ишин салыктык жана бажылык жењилдиктер каралган Кыргыз Рес-

публикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна ылайык жүргүзүшкөн

субъекттердин;

- акцизделүүчү товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү менен алек-

тенген субъекттердин;

- салык салынышы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү Кыргыз Рес-

публикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынуучу алардын субъект-

теринин;

- ишинин негизги түрү соода болгон, анын кирешеси бардык түшкөн

акчасынын кеминде 75 пайызын бере турган субъекттердин;

- ишинин негизги түрү мейманкана кызматын көрсөтүү болуп саналган

субъекттердин;

- "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

катталышкан чет өлкөлүк ишканалардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун.

4-статья. Кайтарылгыс карызды кечип жиберүү

Кайтарылгыс карыз юридикалык жана жеке жактардын экономикалык, со-

циалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүн

болбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажы

жана салык төлөмдөрү боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)

жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган тындыруу боюнча милдеттенме то-

лук көлөмүндө кечип жиберилет.

5-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал

күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи кү-

нүнө чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Президенти
