# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы № 326 "Си Бу Холдинг" өндүрүштүк-коммерциялык компания"жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы № 326 "Си Бу Холдинг" өндүрүштүк-коммерциялык компания"жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 326
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58458>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12253/edition/327582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58458.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы № 326 "Си Бу Холдинг" өндүрүштүк-коммерциялык компания"жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун берүү жөнүндө" токтому (10.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58458

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 10-августу № 326

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Си Бу Холдинг" өндүрүштүк-коммерциялык компания"

жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун

берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуу

максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,

284-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-

нин 4, 5, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, Ош облусунун Алай районундагы Сарыташ

айылдык кењешинин аймагындагы аянты 4,0 га жайыттарын "Си Бу Холдинг"

өндүрүштүк-коммерциялык компания" жоопкерчилиги чектелген коомуна

мөөнөтүн кийин узартуу укугу менен ижара шартында 20 жылдык меөнеткө

убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:

- Сарыташ айылынан өткөндө, Сарыташ-Эркештам автожолунун сол тара-

бынан 2,0 га - техникалык тейлөө станциясын, май куюучу станция, жүк

ташуучу автомобилдер үчүн токтоочу жай жана жол боюндагы сервистин баш-

ка обьекттерин куруу үчүн;

- Талдыбулак участогунан 2,0 га - көмүр кампасын, тараза чарбасын

жана кызматтык-техникалык жайларды куруу үчүн.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-

гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана

башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-

юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-

нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын "Си Бу Хол-

динг" өндүрүштүк-коммерциялык компания" жоопкерчилиги чектелген коому-

нун төлөшүн;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Си Бу Холдинг"

өндүрүштүк-коммерциялык компания" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыр-

гыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Сарыташ айыл өкмөтү

менен жер участогуна ижара келишимин түзүүсүн;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
