Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін «Өзгөчө жазалоо чараларына соттолгондорду кармоо үчүн атайын комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө « Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Јкмјт Ійі 2007-жылдын 8-августу № 318
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Өзгөчө жазалоо чараларына соттолгондорду кармоо үчүн атайын комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005- жылдын 29-декабрындагы № 667 Жарлыгына ылайык, ошондой эле өзгөчө жазалоо чараларына соттолгондорду кармоо үчүн атайын комплексти курууга байланыштуу бир катар уюштуруу-даярдоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча маселелерди оперативдүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коллегиясынын
өзгөчө жазалоо чараларына соттолгондорду кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 19 мекемесинин өнөр жай зонасынын аймагында атайын комплексти (мындан ары - атайын комплекс) куруу жөнүндө сунушуна макулдук берилсин.
2. Атайын комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы аныкталсын.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана
курулуш боюнча мамлекеттик агенттик атайын комплексти долбоорлоодо жана курууда ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтсүн.
4.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги иштерди
координациялоону жана атайын комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча контролдоону камсыз кылсын.
5.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо атайын комплекстин курулушун каржылоону кошуу мүмкүнчүлүгүн карасын; эл аралык финансы уюмдары, донор-өлкөлөр, чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө атайын комплекстин курулушуна чет элдик инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө маселени талкуулоону карасын.
6.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлүм жазасын алып
салуу боюнча Кыргыз Республикасынын чараларын колдогон чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык финансы жана донор уюмдар менен атайын комплекстин курулушуна жана анын жабдууларына финансы ресурстарын тартуу маселесин иштеп чыксын.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №667 " Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.12.2005 · № 667
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9