# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-августундагы № 317 "1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар системасын (WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын иш-аракетине киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-августундагы № 317 "1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар системасын (WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын иш-аракетине киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 317
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12244/edition/327571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-августундагы № 317 "1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар системасын (WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын иш-аракетине киргизүү жөнүндө" токтому (08.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58449

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 8-августу № 317

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар

системасын (WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык

авиациясынын иш-аракетине киргизүү жөнүндө

"Чикаго шаарында 1944-жылы кол коюлган Эл аралык жарандык авиация

боюнча конвенцияны ратификациялоо жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын

Жогорку Советинин 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1117-ХII токтому менен

ратификацияланган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын

37-статьясына ылайык аэронавигация жаатындагы эл аралык стандарттарды

жана иш жол-жоболорду ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лиги:

- 1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар системасы

(WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын иш-аракетине кир-

гизүүнү белгиленген тартипте камсыздасын;

- өзүнүн жарандык авиациянын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик

укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
