Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар системасын (WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын иш-аракетине киргизүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 8-августу № 317
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар
системасын (WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык
авиациясынын иш-аракетине киргизүү жөнүндө
"Чикаго шаарында 1944-жылы кол коюлган Эл аралык жарандык авиация
боюнча конвенцияны ратификациялоо жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын
Жогорку Советинин 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1117-ХII токтому менен
ратификацияланган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын
37-статьясына ылайык аэронавигация жаатындагы эл аралык стандарттарды
жана иш жол-жоболорду ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-
лиги:
- 1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар системасы
(WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын иш-аракетине кир-
гизүүнү белгиленген тартипте камсыздасын;
- өзүнүн жарандык авиациянын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик
укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.